Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 08:50
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров кудаларын кызматка койгонун мойнуна алды

15.12.2020 16:31
1812
Садыр Жапаров кудаларын кызматка койгонун мойнуна алды


"Менин эки кудам октябрь окуяларынан кийин кызматка келген", мындай пикирин Садыр Жапаров  Талас облусунун тургундары менен шайлоо өнөктүгүнүн алкагындагы жолугушуусунда билдирди.


 Жапаров алар үчүн өзү жоопкерчилик аларын да кошумчалады.


"Биз мамлекеттеги туруктуулукту сактоого аракет кылдык. 30-40 адамды алмаштырып, биз муну жасай алдык ”, - деди Жапаров.


Ал кызматка орношкон кудасынын бири жөнүндө мындай деди: "Ал  мага оппозицияда болгон. Ал "Ата Мекенден" шайлоого барчу, ал Ысык-Көлдө мени менен добуш бөлүшкөн".


Белгилей кетсек, буга чейин Factcheck.kg сайты Садыр Жапаровдун президенттин милдетин аткаруучу жана премьер-министр болуп дайындалгандан кийин кызматка орношкон эки кудасы жөнүндө жазган. Турусбек Түмөнбаев Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы "Унаа" мамлекеттик мекемесинин башчысы болуп 21-октябрда дайындалды. Дагы бир кудасыТаштанбек Каймазаров Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы болуп дайындалды.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Озун президент созсуз болом деп ишеничтуу айтыптыр.Егер болбой калсачы?Сынак менен кызмат беруу бул таанышын койуш менен еле барабар.