Бугу 10, 2024
Убакыт: 02:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Садыр Жапаров күрөш боюнча дүйнө чемпиондоруна 1 млн сомдон тапшырды

26.09.2023 17:01
387
Садыр Жапаров күрөш боюнча дүйнө чемпиондоруна 1 млн сомдон тапшырды


Президент Садыр Жапаров Сербиянын борбору Белград шаарында өткөн Дүйнө чемпионатында байгелүү орундарды ээлеп келген балбандарга акчалай сыйлыктарды тапшырды.

Ошентип, алтын медаль алган - Айсулуу Тыныбекова, Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбековго 1 млн сомдук сертификаттар тапшырылды. Ал эми күмүш медалдын ээси Айпери Медет кызына 750 миң сом, коло медаль багындырган Тайырбек Жумашбек уулуна 500 миң сом берилди.

Ошондой эле жеңишке кошкон салымы үчүн чемпиондордун машыктыруучулук курамына да акчалай сертификаттар тапшырылды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн