Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 22:34
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Садыр Жапаров мекенчилдерге кайрылуу жасады

26.01.2021 08:34
835
Садыр Жапаров мекенчилдерге кайрылуу жасады

Садыр Жапаров мекенчил инсандарга карата кайрылуу жасады.  Анын кайрылуусу социалдык тармактарда тараган.


Садыр Жапаровдун сөзү өзгөртүүсүз берилди:


Урматтуу мен Мекенчилмин деп күйгөн замандаштар!


Коррупция жоголбой жатат, коррупция менен күрөшөбүз деп, өз билемдик кылганды токтоткула! Коррупционерлерди мыйзамдуу жолдор жана мамлекеттин күчү менен жок кылабыз. Ал үчүн бир аз гана убакыт керек.

Мен бир күн жумушка чыга элекмин. Реформа баштала элек. 28-январь ант берүү күнүнөн кийин расмий ишке киришкенимден баштап, реформалар башталат. Жаңы өкмөт түзүлөт. Өкмөттүн жаңы структурасы болот.

Апрель айында жаңы конституция кабыл алынат. Андан кийин жаңы мыйзамдар иштей баштайт.

Ошентип май-июнь айларына барып гана саясий процесстер бүтөт. Ошондон кийин гана коррупционерлерди мыйзам чегинде жок кылабыз. Ал эми бүгүн эле ар кайсы аймактарга жетип барып, мен коррупция менен күрөшүүчүмүн деп, эл арасына бүлүк салып, чагымчылдык кылып жүргөндөрдү токтоткула!

Андайларды мекенчил эмес, мага десе бир тууганым болсо да камагыла дээр элем.

Биз мыйзамдуу өлкөдө жашашыбыз керек. 30 жыл чыдаган эми алты ай чыдагыла! Бир күн иштей элек жатсам жаңы бийлик иштебей жатат деген дооматыңар калыстыкка жатпайт.

Чагымчылдыктын, бирөөлөрдүн куралы болуштун дагы чеги болуш керек....

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Зарима
Туура айтып жатасыз убакыт керек бир күндө бутурчу иш эмес кудайым буюрса жакшы жашоого келебиз деген үмүт чоң ушу бир сурана кетчү нерсе кридит мосалесин дагы карап койсоңуз карапайым элге эске алып ишиңизге ийгилик