Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 22:59
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тиреше баштадыбы?

23.12.2020 17:05
12309
Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев тиреше баштадыбы?


Президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен аны түрмөдөн алып чыгып бийликке келүүсүнө эбегейсиз салым кошкон УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосуна “кара мышык” аралап, тымызын тирешип жатканы айтылууда. Муну саясаттан кабары бар адамдар көшөгө артында кобурашып, бирок ачык айта албай жатканы кандай?


Ташиевдин өзүнчө пиар-группасы иштеп, Жапаровдуку такыр башка нук менен баратканы чынбы? Президенттик аппараттагы Камчыбек Кыдыршаевичтин кадрларын Жапаровдун кишилери жектеп жатканы жалганбы? Ал эмес Садыр Нургожоевичтин штабында эки топко бөлүнүп алып пикир келишпестик болуп жатабы? Мындай божомолдор күн сайын эле тар чөйрөдө талкууланып жатканы кандай?


Кыргызстандын, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн Ташиев менен Жапаров ынтымакта иштеши керек. Жеке мамилесин мамлекеттик деңгээлге алып чыгып чабыша турган болсо анын азабын кайра эле кыргыз эли тартат. Тарыхый мүмкүнчүлүк, жоопкерчилик келгенде биримдикте иштесин. Биз эки доско ынтымак каалайбыз. 

Пикирлер (12)

Коопсуздук коду
Ария
Атайын кара мышыктар уюштурулган. Принципке туруп, мыйзамды сактап коё бергиле. Башка тууган-досторуюар өлбөй туруп турушсун. Чыккынчыларга дем болбой
Таа
Еки досту коргонбуз мурунку екоону.Кайгылуусу достук мамлекет денгеелде аралашып калды
Ош
Ошого Мадумаров "Мен эчким менен достошбойм саясатда достук болбойт " деген,биз аны сайрай берет деп жаман коробуз
Сейитбеков Абдибали Пайзиллаевич
Саясатта эч качан достук болгон эмес. Так талашта атасы уулун өлтүртүп келген.
Темир
Ошондой БОЛОТ БОЛУП келген САЯСАТТА ДОС боло албайт ИШТЕЙ дагы АЛЫШПАЙТ БИЛИМ керек жл башкаруу оңой эмес ан үчүн президенттике таза келиш керек мыйзамды бекем кармап менин пикирим ошол.