Президенттикке талапкер Садыр Жапаров менен аны түрмөдөн алып чыгып бийликке келүүсүнө эбегейсиз салым кошкон УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин ортосуна “кара мышык” аралап, тымызын тирешип жатканы айтылууда. Муну саясаттан кабары бар адамдар көшөгө артында кобурашып, бирок ачык айта албай жатканы кандай?
Ташиевдин өзүнчө пиар-группасы иштеп, Жапаровдуку такыр башка нук менен баратканы чынбы? Президенттик аппараттагы Камчыбек Кыдыршаевичтин кадрларын Жапаровдун кишилери жектеп жатканы жалганбы? Ал эмес Садыр Нургожоевичтин штабында эки топко бөлүнүп алып пикир келишпестик болуп жатабы? Мындай божомолдор күн сайын эле тар чөйрөдө талкууланып жатканы кандай?
Кыргызстандын, өлкөнүн кызыкчылыгы үчүн Ташиев менен Жапаров ынтымакта иштеши керек. Жеке мамилесин мамлекеттик деңгээлге алып чыгып чабыша турган болсо анын азабын кайра эле кыргыз эли тартат. Тарыхый мүмкүнчүлүк, жоопкерчилик келгенде биримдикте иштесин. Биз эки доско ынтымак каалайбыз.
Пикирлер (12)