Аяк оона 21, 2024
Убакыт: 09:02
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү

31.08.2022 21:22
607
Садыр Жапаров менен Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 31-августта, Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров менен Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзиёев телефон аркылуу сүйлөштү.


Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Кыргызстандын көз карандысыздыгынын 31 жылдыгы менен жылуу куттуктап, боордош элге жакшы каалоо-тилектерин айтты.


Садыр Жапаров куттуктоолор үчүн ыраазычылык билдирип, өлкөлөр ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын жогорку деңгээлин канааттануу менен белгиледи.


Ал көп кылымдык тарыхый байланыштары бар эки элдин ортосундагы мамилени акыркы жылдарда стратегиялык өнөктөштүктүн жаңы деңгээлине чыгаруудагы Шавкат Мирзиёевдин жеке салымын өзүнчө белгиледи.


Президент Садыр Жапаров биргелешкен күч-аракет менен бир туугандык жана ынак коңшулук кыргыз-өзбек мамилелери мындан ары да динамикалуу жана ырааттуу өнүгө берерине ишенимин билдирди.


Сүйлөшүү жүрүшүндө өлкө лидерлери үстүбүздөгү жылдын 15-16-сентябрында Самаркандда өтө турган Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинин күн тартибин да талкуулашты.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн