Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:52
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырды

11.11.2020 20:31
7028
Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырды

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун ордуна чукул президенттик шайлоо болгонго чейин президенттин милдетин аткаруучу катары премьер-министр Садыр Жапаров келген. КР Баш мыйзамына ылайык президенттин милдетин аткаруучу адам президенттикке талапкер боло албайт. Ошол себептүү Садыр Жапаров бүгүн президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 


Төмөндө Садыр Жапаровдун кайрылуусу өзгөртүүсүз берилди:


"Урматтуу кыргызстандыктар!


Баарыңыздарга белгилүү болгондой, 15-ноябрда КР Президентин шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктайт. Мындан улам, КР Президенттигине талапкерлигимди коюу үчүн шайлоого аттанып, Президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугумду тапшыруу чечимин кабыл алдым.

Мен бул чечимди кабыл алып жатып, буга чейин Президенттин милдетин аткаруучу жана өлкөнүн премьер-министрлигине менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө ыраазычылыгымды билдирем. Айрыкча, мени колдогон бардык тарапташтарыма, өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалда туруктуулук үчүн мага жардамын аябаган жалпы кыргызстандыктарга башымды ийип, таазим этем. Сиздердин жардамыңыздар менен бийликти легитимдештирүү ишибизди көпкө создуктурбастан аягына чыгара алдык, рахмат. Өлкө укуктук талаага түштү.

Учурдан пайдаланып, мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшүнө, мамлекетибизде туруктуулук орношуна салым кошкону, ошондой эле менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө, анын катарында өлкөбүздүн келечеги, биримдиги үчүн биринчилерден болуп кол сунган саясатчы Өмүрбек Бабановго жана анын тарапташтарына чоң рахмат, ошондой эле саясий амбициясын эмес, өлкө кызыкчылыгын өйдө коюп, менин Нарын областындагы штабымды жетектеп берүүгө макул болгон Алмамбет Шыкмаматовго рахмат айтам.

Ошону менен катар, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө багытталган бардык демилгелер боюнча кайсы саясий күчтөр болбосун, баарына ачык экенимди дагы бир жолу белгилейм.

Бизге бүгүн сүйүктүү Кыргызстаныбызды көп жылдык туташ кризистен алып чыгууга тарыхый мүмкүнчүлүк берилди. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы. Жашасын, Кыргызстаныбыз!",- деп жазылат кайрылууда.

Пикирлер (17)

Коопсуздук коду
Фатима
Садыр Нургожоевич Жапаровду кудайымдын жардамы менен боштондукка чыгарып алдык Аллахыма шугур, шугурлор болсун суранып жалдырап жалбарып ыйлап дагы чыгара албадык эле андай эмес мындай болот деп Алланын амири менен чыкты ЭЛИМ. Мандайыбызга таза ыйманы бар, элим , жерим деп куйуп бышкан инсан келди, колдоп буттап ПРЕЗИДЕНТ кылып шайлап алалык да жарданып карап турбай жардам берелик, пенделик кылып туура эмес жолго тушсо туура , ак жолго салалык. Ак жол Аллахым озу жардам берсин ООмийин
Сейитова Сайракан
Садыр Нуркожоевич кыргыз эли сизди колдойт.Ак жол сизге.Шайлоодо сизди колдойбуз.Кыргызстанды алдынкы олколордун катарына кошот деген умуттобуз.Бир эле умут сизден болур калды
Гулмира
Кудайга аманат болунуз биз сиз мененбиз садыр байке
Таа
Шайлоо таза отпойт.Мыйзамды келгенде буза баштаган.Олкону коизистен алып чыга албайт.
Каныкей Султаналиева
Садыр Нуркожоевич! Жолун шыдыр, жолдошуң Кыдыр болсун! Шайлоодо утушка ээ болуп, Элине Ак кызматынды кыл!