Жетинин айы 23, 2024
Убакыт: 04:27
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырды

11.11.2020 20:31
7027
Садыр Жапаров президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырды

15-октябрда президент Сооронбай Жээнбековдун ордуна чукул президенттик шайлоо болгонго чейин президенттин милдетин аткаруучу катары премьер-министр Садыр Жапаров келген. КР Баш мыйзамына ылайык президенттин милдетин аткаруучу адам президенттикке талапкер боло албайт. Ошол себептүү Садыр Жапаров бүгүн президенттин милдетин аткаруучулук кызматын тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. 


Төмөндө Садыр Жапаровдун кайрылуусу өзгөртүүсүз берилди:


"Урматтуу кыргызстандыктар!


Баарыңыздарга белгилүү болгондой, 15-ноябрда КР Президентин шайлоого катышуу үчүн талапкерлерди каттоо аяктайт. Мындан улам, КР Президенттигине талапкерлигимди коюу үчүн шайлоого аттанып, Президенттин милдетин аткаруу ыйгарым укугумду тапшыруу чечимин кабыл алдым.

Мен бул чечимди кабыл алып жатып, буга чейин Президенттин милдетин аткаруучу жана өлкөнүн премьер-министрлигине менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө ыраазычылыгымды билдирем. Айрыкча, мени колдогон бардык тарапташтарыма, өлкөдө түзүлгөн оор кырдаалда туруктуулук үчүн мага жардамын аябаган жалпы кыргызстандыктарга башымды ийип, таазим этем. Сиздердин жардамыңыздар менен бийликти легитимдештирүү ишибизди көпкө создуктурбастан аягына чыгара алдык, рахмат. Өлкө укуктук талаага түштү.

Учурдан пайдаланып, мыйзамдуулуктун өкүм сүрүшүнө, мамлекетибизде туруктуулук орношуна салым кошкону, ошондой эле менин талапкерлигимди колдогон бардык саясий күчтөргө, анын катарында өлкөбүздүн келечеги, биримдиги үчүн биринчилерден болуп кол сунган саясатчы Өмүрбек Бабановго жана анын тарапташтарына чоң рахмат, ошондой эле саясий амбициясын эмес, өлкө кызыкчылыгын өйдө коюп, менин Нарын областындагы штабымды жетектеп берүүгө макул болгон Алмамбет Шыкмаматовго рахмат айтам.

Ошону менен катар, Кыргызстаныбыздын өнүгүшүнө багытталган бардык демилгелер боюнча кайсы саясий күчтөр болбосун, баарына ачык экенимди дагы бир жолу белгилейм.

Бизге бүгүн сүйүктүү Кыргызстаныбызды көп жылдык туташ кризистен алып чыгууга тарыхый мүмкүнчүлүк берилди. Бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарбайлы. Жашасын, Кыргызстаныбыз!",- деп жазылат кайрылууда.

Пикирлер (17)

Коопсуздук коду
Акунбек Кожоев
Ошондон нары жоголчу
Гуля
Эмнеге жоголуш керек
Каныш
Кыргызстандын келечегин ойлоп Садыр Жараповту шайлайлы
Парманова Бактыгул
Президент болушунузду колдойбуз! Люстрацияны кабыл алып 30 жылдан бери башкарып келе жаткан коррупционный машинадан тазаланмайынча йигиликке жетуу кыйын чиновниктердин санын кескин кыскартып иштебеген тиштебейт принцибине отуп иштебей акча тапкан уят болгон коомго алып келиш керек Сиз азыр туура жолдосуз элибиз колдоп турганда баардык реформаларды башында оз убагында жасап тарыхта туболук калыныз кыргызстан онугуу жолуна тушушун тилейбиз Сизди Аллах колдосун
Алышбаев Эркин Сагындыкович
Садыр Ага сизге ийгилик каалайм! 6 - октябрдан 15 - октябрга чейин жанымды сайып Площадьта журдум жана Президенттик угут иштеринде сизге бекер кызмат кылууга даярмын. Албетте эгер ушул кайрылуум сизге жетсе. Сизди терен урматтоо менен Кыргызстандын жонокой жараны. Аллахым сизди колдогон болсун, Аминь!!!
Зейнеп Жамакеева
Жаратканым өзү колдоп, шайлоодон өтүп Президент болуңуз. Жасаган иштериңизди эл көрүп турат. Элдин көпчүлүгү сизди колдойбуз. Эл болгон соң карасы да, аласы да бар. Үгүт иштерин жүргүзүүдө аз улутагы этносторго көңүл буруңуз. Сизге ден соолук, өлкөбүзгө тынчтык. Президент болуп, Кыргызстандын элине камкор, тарыхта аты калган Президент болуңуз. ИЙГИЛИК!!!
Кыдыралиева кымбат
Макулмун президент болуусуна Жана добушумду берем