Кулжа 17, 2024
Убакыт: 23:43
USD
87.10
88.00
EUR
93.70
94.70
RUB
0.955
1.000

Садыр Жапаров "Бишкек машина куруу заводуна" барды

26.05.2023 17:52
458
Садыр Жапаров "Бишкек машина куруу заводуна" барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн «Бишкек машина куруучу заводу» (БМЗ) Ачык акционердик коомуна жана «Бишкек штамптоочу заводу» (БШЗ) мамлекеттик ишканасына барып, ошондой эле «Кыргызиндустрия» ААКтын ишмердүүлүгү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Мамлекет башчысы заводдордун өндүрүш аймактарын, токтоп турган цехтерди жана ишканалардын объектилерин көрүп чыкты.


Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекет башчысына аталган объектилердин кубаттуулуктарын жакшыртуу жана жогорулатуу боюнча жүргүзүлүп жаткан жана пландаштырылган иштер тууралуу, тактап айтканда, бул жерде жаңы өндүрүш аянттарын, технопарк сыяктуу ири объектилерди ачуу үчүн чет элдик инвестицияны тартуу жөнүндө маалымат берди.


Мындан башка ал жакка барган маалда президентке министрлер кабинетинин токтому менен мамлекеттин 100% катышуусунда 1 млрд сом уставдык капиталы менен түзүлгөн «Кыргызиндустрия» ААК ишке ашырып жаткан долбоорлорду көрсөтүп, тааныштырышты.


Бүгүнкү күндө ААКда жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды түзүү, иштеп жаткан өндүрүштөрдү модернизациялоо жана кеңейтүү, ошондой эле токтоп турган ишканаларды кайра ишке киргизүү аркылуу тармакты жандандырууга багытталган бир катар конкреттүү долбоорлор бар.


Учурда «Кыргызиндустрия» ААКсы 19 долбоорду ишке ашырып, анын 9у толук кубаттуулукта иштеп, өз продукциясын чыгара баштады. Бирок кошумча каражатты берүү токтотулгандыктан, калган 10 долбоорду ишке ашыруу азырынча токтотулган.


Маалыматты уккандан кийин, Садыр Жапаров «Кыргызиндустрия» ААКнын токтоп калган долбоорлорун ишке ашырууну кайра баштоонун, ошондой эле жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүүнүн жана токтоп турган цехтерди модернизациялоонун маанилүүлүгүн белгиледи.


Мамлекет башчысы ата мекендик экономикага түрткү бере турган өлкөнүн өнөр жай тармагын мындан ары өнүктүрүү үчүн өндүрүштүк потенциалды жана заводдордун аймактарын максималдуу пайдалануу зарылдыгын белгиледи.


Президент Садыр Жапаров министрлер кабинетине инвестиция тартууну, токтоп турган ишканаларды кайра иштетүү үчүн жагымдуу инвестициялык климатты түзүүнү тапшырды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн