Бугу 09, 2025
Убакыт: 23:08
USD
87.30
87.80
EUR
98.00
99.00
RUB
1.030
1.085

Садыр Жапаров жаңы Рим папасын шайланышы менен куттуктады

09.05.2025 16:19
31
Садыр Жапаров жаңы Рим папасын шайланышы менен куттуктады


Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, жаңы Рим папасы Лев XIVтү Кыргызстан элинин жана жеке өзүнүн атынан бүткүл католик чиркөөсүнүн башчысы болуп шайланышы менен куттуктады. 


«Сизди бүткүл католик чиркөөсүнүн жаңы жетекчиси – Рим Папасы болуп шайланышыңыз менен Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан чын дилимден куттуктайм. Сиздин Рим Папасы катары аткарган вазийпаңыз эл аралык тынчтыкты жана адилеттүүлүктү чыңдоодо, ошондой эле дүйнөлүк диндер ортосундагы алаканы жана жалпы адамзаттык баалуулуктарды өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ. 


Кыргыз Республикасы Ватикан менен жетишилген достук мамилелерин жогору баалоо менен бирге, өз ара түшүнүү, урматтоо жана бүткүл тынчтыкка умтулуу принциптерине негизделген кызматташууну улантууга даяр экендигин билдирем. 


Ыйык Мартабалуу Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана адамзатка кызмат кылууда күч-кубат каалайм», - деп айтылат президент Садыр Жапаровдун куттуктоо телеграммасында.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн