Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Садыр Жапаровдун иш сапары менен Сауд Аравияга барышы күтүлүүдө

09.11.2022 07:53
314
Садыр Жапаровдун иш сапары менен Сауд Аравияга барышы күтүлүүдө

7-ноябрда Эр-Рияд шаарында Кыргызстан жана Сауд Аравия Падышалыгынын тышкы иштер министрлеринин орун басарларынын деңгээлинде биринчи Тышкы иштер министрликтер аралык саясий кеңешмелер болуп өттү.

КР ТИМден билдиришкендей, кыргыз делегациясын министрдин орун басары Азизбек Мадмаров, Сауд Аравиянын делегациясын саясий иштер боюнча министрдин орун басары Сауд Аль-Сати жетектеди.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы мамилелердин учурдагы жогорку деңгээлин канааттануу менен белгилешти жана эки тараптуу күн тартибиндеги маселелердин кеңири чөйрөсүн кеңири талкуулашты.

Ошондой эле түрдүү деңгээлдеги өз ара сапарларды уюштуруу аркылуу кызматташтыкты өнүктүрүү жана саясий диалогду бекемдөө боюнча мындан аркы кадамдарды белгилешти.

КР президенти Садыр Жапаровдун Сауд Аравияга расмий сапарын уюштурууга жана анын мазмунуна өзгөчө көңүл бурулду. Азизбек Мадмаров бул сапар маанилүү экенин жана кыргыз-сауд мамилесине оң түрткү берерин баса белгиледи.

Тараптар ошондой эле соода-экономикалык байланыштарды чыңдоо жана Кыргызстанда туризм, гидроэнергетика, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарба жана жер казынасын пайдалануу жаатындагы өз ара пайдалуу инвестициялык долбоорлорду илгерилетүү зарылдыгын белгилешти. Ушуну менен бирге С.Ас-Сати саудиялык инвесторлордун кыргыз тарап менен тыгыз байланыш түзүүгө, биргелешкен долбоорлорду жана ойлорду алдыга жылдырууга кызыкдар экендиги тууралуу билдирди.

Саудиялык тарап Кыргызстанда Сауд өнүктүрүү фонду жана Падыша Салмандын Гуманитардык жардам борбору аркылуу социалдык долбоорлорду жана кайрымдуулук акцияларын ишке ашыруу боюнча кызматташууну улантууга даяр экенин билдирди.

Тараптар Бишкекте кыргыз-сауд бизнес форумун, биргелешкен Ишкерлер кеңешинин жыйындарын ийгиликтүү өткөрүү, эки өлкөнүн ортосунда түз туруктуу аба каттамдарын эртерээк ачуу жана кыргыз жарандары үчүн Сауд Арабияга кирүүгө визалык талаптарды жеңилдетүү үчүн биргелешкен күч-аракеттерди багыттоого макулдашышты.

Мадмаров ошондой эле Кыргыз-Сауд биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын алдыдагы жыйыны эки тараптуу мамилелерге кошумча түрткү болорун баса белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар эки өлкөнүн кароосунда турган келишимдик документтердин долбоорлорун макулдашууну тездетүү жана жогорку деңгээлде боло турган иш-чаралардын алкагында кол коюуга даярдык көрүү, ошондой эле эл аралык уюмдардын (БУУ, ИКУ, ШКУ) алкагында өз ара кызматташууну улантууну макулдашышты.

Кеңешмелердин соңунда тараптар тыгыз байланышта болуп, керектүү маалымат алмашууну макулдашты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн