Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 14:44
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сагыналы Субаналиев кыргыз салттуу музыкасынын белгилүү изилдөөчүсү

04.01.2024 13:00
3094
Сагыналы Субаналиев кыргыз салттуу музыкасынын белгилүү изилдөөчүсү


Жакында Бишкекте республикалык тарых музейинде белгилүү музыка изилдөөчү, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер, профессор маркум Сагыналы Субаналиевдин 75 жылдыгына арналган эл аралык илимий конференция болуп өттү. Конференциянын уюштуруучулары – КР маданият, жаштар жана туризм министрлиги, Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство университети жана КР УИАнын академик А.Алтымышбаев атындагы философия институту болушту. 


Сагыналы Субаналиев 1948-жылы азыркы Аксы районунун Авлатун айылында туулган. 1977-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтун окуп бүтүп, ошол эле окуу жайда окутуучу болуп иштеп калган. Көп узабай Ленинград мамлекеттик театр, музыка жана кинемотография институтунун аспирантурасына өтүп, фольклордук музыка боюнча изилдөө иштерин баштаган. 1983-жылы кыргыздын салттуу элдик музыкалык аспаптары тууралуу искусство таануу боюнча кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү коргогон. 1985-жылы СССР композиторлор союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынып, Кыргыз композиторлор союзунун башкармалыгынын мүчөлүгүнө шайланган. 1999-2004-жылдары КР композиторлор союзун жетектеген. 1987-жылы Кыргыз ССРинин маданият министрлигинин искусствону өнүктүрүү башкармалыгынын башчысы, кийин кыргыз филармониясынын көркөм жетекчиси болуп иштеген. 1994-жылы Б.Бейшеналиева атындагы искусство институтунда кафедра башчысы, 2006-2014-жылдары аталган институтта ректор кызматын аркалаган. Бул кызматта ал киши көптөгөн жакшы иштердин демилгечиси болгон. Башкасын айтпаганда да, ошол каржылык тартыштык болуп турган оор жылдарда өзү жетектеген окуу жайдын имаратын, студенттердин жатаканасын толук оңдоо иштерин жүргүзгөндүгүн айтпай коё албайбыз. 


Сагыналы Субаналиев өмүрүнүн соңку жылдарында КР улуттук илимдер академиясынын академик А.Алтымышбаев атындагы философия институтунда жетектөөчү илимий кызматкер болуп иштеген. Ленинграддан баштаган илимий изилдөөсүн докторлук диссертация катары даярдап бүтүп, Санкт-Петербургдан жактоо алдында турганда бул дүйнө менен коштошуп кете берди.     


Сагыналы Субаналиев беш китептин, ондогон макалалардын автору. Атап айтсак, “Кыргыздын элдик музыкалык аспаптары” аттуу монографиясы (1986), “Кыргыздын салттуу аспаптык музыкасы” аттуу окуу китеби (2003), “Чоорлор” аттуу окуу китеби кыргыз-орус тилдеринде жарык көргөн. Анын илимий макалалары Москванын, Ленинграддын, Алматынын, Ташкенттин белгилүү илимий журналдарында жана жыйнактарында жарыяланган. Автордун 2003-жылы жазылган “Традиционная инструментальная музыка и инструментарий кыргызов” деген китеби музыка таануу боюнча жарыяланган монографиялар номинациясында биринчи сыйлыкка татыган. 


Жогоруда аталган эл аралык илимий конференция музыка таануу жаатындагы кыргызстандык, россиялык, казакстандык, өзбекстандык, белоруссиялык көрүнүктүү окумуштуулардын катышуусу менен өттү. Айрыкча Россия табият таануу илимдер академиясынын академиги, Бириккен Улуттар Уюумунун эл аралык искусство академиясынын академиги, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор И.В.Мациевскийдин катышуусу конференциянын аброюн көтөрдү. Анүстүнө салттуу музыка таануу боюнча белгилүү бул илимпоз С.Субаналиевдин кандидаттык диссертациясынын жетекчиси, кийин соңунда жактоого даярдалып жаткан докторлук диссертациясынын жетекчиси болгон. Ал өз сөзүндө Сагыналы Субаналиевдин адамгерчилик сапаттарына, илимий изилдөөлөрүнүн жогорку теориялык жана методологиялык деңгээлине кеңири токтолду. И.В.Мациевский убагында атайын экспедиция менен Кыргызстанга келип, С.Субаналиевдин айылында болгондугун, анын атасы камыштан чоор жасап, сыбызгыга тартканда таңкалгандыгын эскерди. Ошондон тартып С.Субаналиевдин чоорго, анын түрлөрүнө болгон кызыгуусу арткан экен. Натыйжада “Киргизские музыкальные инструменты: идиофоны, мембранофоны и аэрофоны” аттуу темада кандидаттык диссертациясын жазган. Бул иш кыргыздын салттуу музыкасын теориялык талдоого алган бирден-бир баалуу изилдөө болду. 


Автор тарабынан отуздан ашуун элге белгисиз музыкалык аспаптар тууралуу биринчи жолу ачык айтылып, илимий талдоо жарыяланды. Эң баса белгилеп айтуучу жагдай, алардын жыйырма беши тууралуу буга чейин бир да жерде аты аталып айтылган эмес. Кийин соңунда кыл тартылган музыкалык аспаптар жаатында да С.Субаналиев тарабынан бир топ жаңычылдык ачылыштар болгон. Анын 2003-жылы жарык көргөн “Традиционная инструментальная музыка и инструментарий кыргызов” деген китебинде бул жөнүндө кеңири баяндалган. Автордун бул эмгеги кыргыздардын музыкалык аспаптарынын көп түрдүү типтерин кенен изилдеген фундаменталдуулугу менен айырмаланат. С.Субаналиевдин изилдөөлөрү кыргыз элинин көп түрлүү салттуу маданиятынын табиятын, улуттук маңызын жана өзгөчөлүктөрүн илимий-теориялык жактан негиздүү талдоого алгандыгы менен өзгөчө байкалып турат жана жогору баалоого арзыйт. Ал өзүнүн кайталангыс бекем аргументтелген илимий бүтүмдөрүн кыргыз элинин миңдеген жылдарды камтыган көөнө улуттук тарыхы менен туташ биримдикте карап чыгарган. Дагы бир белгилей кетчү маселе, автор башка коңшу элдердин кыргыздар менен болгон маданий-музыкалык байланыштарына да кеңири токтолгон. Ал эми кыргыз музыкалык аспаптарын изилдөөдө С.Субаналиев кыргыз элинин ички регионалдык өзгөчөлүктөрүнө жана жалпылыктарына да атайын көңүл бурган. Сагыналы Субаналиевдин изилдөөлөрүнүн дагы бир артыкчылыгы – ал салттуу музыканын тигил же бул жактарын кыргыз элинин дүйнө түшүнүү, диний тарыхы менен бир бүтүн байланышта талдоого алгандыгында. Ал байыркы зороастризм, буддизм, христианчылык сыяктуу диний-философиялык түшүнүктөрдүн элдин жалпы дүйнө түшүнүүсүнө, анын ичинде музыкалык маданиятына тийгизген таасирин жеткилең изилдеген. Автор белгилегендей, эгер анимизм, тотемизм, шаманизм сыяктуу ишенимдер ички көчмөн жашоонун өзөгүнөн өрчүп чыкса, зороастризм сыяктуу ишенимдер көбүнчө сырттан, коңшу элдерден келип сиңип, жалпы этноменталитетке, анын ичинде музыкалык менталитетке да таасир эткен. Автордун изилдөөлөрүнүн көп пландуулугу жана жеткилең мазмундуулугу И.В.Мациевскийдин системдик-этнографиялык методологиясына таянгандыгында экендигинде шек жок. С.Субаналиевдин убагында Ленинградга барып, ошол атактуу музыка изилдөөчүнүн жетекчилиги менен илимий ишин илгерилетүүсү аны жакшы натыйжаларга жеткирген. Музыкалык аспаптардын түзүлүшүн, аларды жасоонун ыкмаларын, алардын функционалдык өзгөчөлүктөрүн улуттук терминдер менен так, таамай туюнтуп берүүсү – баа жеткис маанилүү иш болгон. Автордун кыргыз элинин салттуу музыкасынын тарыхын, этимологиясын мыкты билүүсү алардын тарыхый-социалдык жана маданий статусун жогору баалоого өбөлгө болду. Ар бир музыкалык аспаптын тарыхын, ага тийешелүү терминдерди так билүү менен С.Субаналиев кыргыз музыкалык искусствосунун эстетикалык, социологиялык маани-маңызын ишенимдүү түрдө ачып бере алган.


Аталган конференцияда жогоруда азыноолак айтылган маселелердин баары тийешелүү адистер тарабынан кенен-кесир ортого салынды. Конференциянын жүрүшүндөгү орчундуу окуялардын бири – Сагыналы Субаналиевдин “Комуз в традиционной культуре кыргызов” аттуу жаңы китебинин бетачары болду. Бул китеп автордун жактоого даярдалып, бирок өкүнүчтүүсү, жакталбай калган диссертациясынын негизинде басылып чыккан. Бул монография кыргыздын музыкалык аспаптарынын негизгилеринин бири болгон комуздун жалпы улуттук, регионалдык өзгөчө касиеттерине арналган. Көп сандаган улуттук этнографиялык материалдарды талдоонун натыйжасында комуз аспабынын этимологиялык, морфологиялык, эргономикалык табияты окумуштуу тарабынан тыкыр каралып чыккан. Китептин жарык көрүүсүнө КР ЖК төрагасы Н.Т.Шакиевдин да көмөгү болгондугун айта кетүү жөн. 


Жалпылап айтканда, аталган эл аралык илимий конференция кыргыз музыкалык искусствосунун өнүгүүсүндө, аны ар тараптан изилдөөдө, айрыкча кыргыз элинин салттуу музыкалык жанрынын этноменталдык өзгөчөлүктөрүн илимий жактан ачып берүүдө бараандуу орду бар окумуштуу, адамгерчилик сапаты, турган турпаты боюнча мырза инсан Сагыналы Субаналиевди эскерүүгө арналып, жакшы уюшкандыкта өттү. Ошол конференцияны уюштуруучу мекемелердин бири КР УИАнын академик А.Алтымышбаев атындагы философия институтунун директору, философия илимдеринин доктору, профессор Н.К.Саралаев айткандай, Сагыналы Субаналиевдин жаңы эмгеги болгон “Комуз в традиционной культуре кыргызов” аттуу жаңы китеби Кыргызстандагы ар бир музыка сүйүүчүнүн китеп текчесинде турууга арзыган китеп болуп каларында шек жок.


Ө.КОЗУБАЕВ, философия илимдеринин доктору, профессор 

Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн