Сахалинде мыйзамсыз балык уулоого шектелип 14 кыргызстандык кармалды. Бул тууралуу "Кабар" агенттиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, сима балыктарын уулоого шектелгендер Анив районунда кармалган.
“Окуя 31-майда болгон. Кыргызстандыктар балык кармоого үлгүрбөй калган. Алардын жабдыктарынын баары алынды”, - деп айтылат маалыматта.
Укук бузуулар боюнча материалдар полиция кызматына өткөрүлүп берилген.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн