Кыргызстанда медиктердин базистик айлык акысынын көлөмү 5 миң сомду түзөт. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Алымкадыр Бейшеналиев "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, акыркы 10 жылда медкызматкерлердин айлыгы жогорулатылган эмес.
"Базистик эмгек акыны көтөрөлү деп жатабыз. Биз эмгек акыны көтөрүү боюнча 3 вариантты өкмөткө, Жогорку Кеңешке жана жаңы шайланган президент Садыр Жапаровго сунуштадык. 2020-жылы эл медиктер керек экенин жана ден соолук үчүн акчаны үнөмдөбөш керектигин түшүндү. 2021-жылы бул маселе чечилет деп ойлойм", - дейт Бейшеналиев.
Пикирлер (1)