Биздин атайын комиссия Бишкек улуттук илим изилдөө Травматология жана Ортопедия борборунын токсикология бөлүмүнө барып, ууланган жарандар биз тараптан дарыланбаганын аныктады. Мындай пикирин Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев 24.кг агенттигине билдирген.
"Биринчиден ууланган адамдар биздин кайнатманы ичкен эмес. Алар рак оорусу менен ооруп, мурдатан бери өз алдынча колдонуп жүрүптүр. Анын үстүнө рак оорулары үчүн уу коргошун мурдатан бери колдонулуп келе жатат. Алар дозасын туура эмес кошуп алган окшойт",- деди министр.
Эске салсак, 20-апрелде уу коргошун ичип ууланган 4 жаран ооруканага түшкөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн