Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов РФ өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустиндин Кыргызстандагы россиялык ишкерлерге кысым көрсөтүлүп жаткандыгы тууралуу билдирүүсү боюнча Акипресс агенттигине комментарий берип, мамлекеттик органдардын жогорку жетекчилиги негизсиз дооматтарды айтып жатат деп билдирди.
Анын айтымында, өлкө жетекчилиги деп Мишустин туура эмес айтып алды, ал эми опузалоо деп айтканы да туура эмес. Чарбалык иштерге саясий боек берилип кетти. Бул көрүнүш Михаил Мишустиндин колунда обьективдүү маалыматтын жоктугунан болушу мүмкүн дейт ал.
«Өзүңүздөргө белгилүү болгондой өлкө жетекчилиги тескерисинче бардык тармакта коррупциялык сехмаларды жоюу, ачыктыкты камсыздоо багытында олуттуу иштерди, реформаларды жасоодо жана баардык мамлекеттик органдардан ушуну талап кылууда. Бул өтө принципиалдуу маселе.
Мунун айкын мисалын бажыдан көрсөк болот. Бажы өнүмдөрүнөн 2016-жылы ЕАЭБдин (Евразия Экономикалык Биримдиги) жалпы казынасына 12 миллиард 244 млн сом төксөк, кайра ал жактан 13 миллиард 94 миллион сом алганбыз.
2017-жылы бажы өнүмдөрүнөн ЕАЭБдин жалпы казынасына 12 миллиард 515 миллион сом төксөк, ошол жылы жалпы казынадан 15 миллиард 358 миллион сом бизге беришкен.
Ал эми 2022-жылы 20 миллиард 506 миллион сом төгүп, кайра 16 миллиард 242 миллион сом алганбыз. 2023-жылы ЕАЭБдин жалпы казынасына 50 миллиард 932 миллион сом төгүп, кайра бул казынадан бизге 25 миллиард 481 миллион сом берилген.
Башкача айтканда 2022-жылдан тартып бажы өнүмдөрүнөн чогулган каражатты көп төгүп, жалпы бөлүштүрүүдө эки эсе аз ала баштадык. Бул Кыргызстандын бажы тармагында коррупциялык схемалардын жоюлушунун аркасынан болууда",-деген ал.
Ошондой жле өлкөбүздүн салык тутумунда дагы ушундай эле иштер жүрүп, фискалдык саясаттын жакшыртылышынын аркасында салыктарды чогултуу жылдан-жылга өсүп жатканын кошумчалаган.
"2020-жылы 62 миллиард 958 миллион сом чогултулган болсо, 2023-жылы 296 миллиард сом салыктан түштү. 2024-жылы бул көрсөткүч 342 млрд сомду түздү.
Бизде тигинин компаниясы экен, мунун компаниясы экен деген түшүнүк жок. Өзүбүздүн өлкөнүн салык төлөөчүлөрү, башка чоң мамлекеттин же башка кичине мамлекеттики, чоң державаныкы экен деген да бөлүү жок. Бардыгына мыйзамда көрсөтүлгөн нормалары менен салыктар чегерилет жана баардыгы эле ошо менен салыктарын төлөп келе жатышат.
Мыйзам баардыгына бирдей, ал эми салык толоо бул ыйык милдет. Төлөбөгөндөрү, атайылап салыкты жашыруу аракеттери болсо улуттук мыйзамдарыбыздын чегинде тиийштүү органдар иш алып барышат»,-деген Шыкмаматов.
Шыкмаматов ошондой эле Россияда да бул ыйык эреже өкүм сүрөрүн айтып, Михаил Владимирович, Россиядагы эң ийгиликтүү салык реформасынын “атасы” катары муну жакшы түшүнөт деп ойлойм деген.
«Эң негизгиси, эгерде кайсыл бир салык төлөөчү субьект салык органдары тарабынан колдонулган санкциялар менен макул болбосо, эл аралык стандартттарга жараша өз укугун коргоо механизимдеринин баардык шарттары бар. Ал салык органынын апелляциясы жана сот органдарына кайрылуу укугу.
Андыктан, бул кадимки эле чарбалык иш жана ал эки өлкөнүн стратегиялык деңгээлдеги мамилелерине таасир этпеши керек деп эсептейм. Кыргызстанда сырткы инвесторлорго жана ишкерлерге баардык мыйзамдуу шарттар түзүлгөн, кимдир бирөөнө артыкчылык берилүүсү мүмкүн эмес. Ошондуктан бул маселенин мындай жогорку деңгээлге саясатташып кетиши одоно болуп калды»,-деген ал.
Белгилей кетсек, Мишустиндин министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев менен жолугушуусу 31-январда Казакстанда өткөн.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн