Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 01:13
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Самарканд шаарында кыргыз-казак мамилелери талкууланды

14.04.2023 09:33
395
Самарканд шаарында кыргыз-казак мамилелери талкууланды

Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Казакстандын премьер-министринин орун басары – тышкы иштер министри Мурат Нуртлеу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.


КР ТИМден кабарлашкандай, тараптардын жолугушуусу КМШнын тышкы иштер министрлер кеңешинин отурумуна даярдык көрүүнүн алкагында 13-апрелде Самарканд шаарында (Ташкент) өткөн.


Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптар салттуу түрдө кыргыз-казак кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин конструктивдүү маанайда талкуулап, мындан аркы кызматташуунун келечегин белгилешти.


2023-жылдын январь айынан баштап күчүнө кирген Казакстандын аймагына кирүүнүн жана болуунун жаңы эрежелеринин кыргызстандыктарга жана чет элдик жарандарга карата колдонуу тартиби талкууланган маселелердин бири болду.


Боордош өлкөлөрдүн стратегиялык өнөктөштүгүн ар тараптуу чыңдоого багытталган бийик жана жогорку деңгээлдеги макулдашууларды ишке ашырууга да көңүл бурулду.


Мындан тышкары, министрлер алдыдагы тышкы саясий иш-чаралардын графигин талкуулашып, аймактык жана эл аралык күн тартибинин актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн