Бугу 18, 2024
Убакыт: 13:47
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Самат Ибраевдин уулу 500 млн сомду алдап алып кеткен

30.09.2021 13:28
692
Самат Ибраевдин уулу 500 млн сомду алдап алып кеткен

Жогорку Кеңештин депутаты Самат Ибраевдин 29 жаштагы уулу Данияр Ибраев дагы деле мамлекет аралык издөөдө. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлады.


Экстрадиция боюнча маселени чечүү үчүн материалдар Башкы прокуратурага берилген.


2020-жылдын сентябрынын башында шаардык ички иштер башкы башкармалыгына бир нече курулуш фирмалар кайрылып, Самат Ибраев ири суммадагы акча алгандыгын айтышкан. Милициянын маалыматына караганда, "Строймир" ЖЧКсынын башкы директору 2018-жылдын декабрынан 2019-жылга чейин курулуш арматураларын алып келип берүүнү убада кылып, жети жабырлануучудан алдап акча алган. Жалпы чыгымдын суммасы 507 миллион 352 миң 49 сомду түзгөн.


Бардык эпизоддор боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнүн негизинде ("Алдамчылык. Өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосундар") сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.


2019-жылдын 24-декабрында Ибраевге алдамчылык боюнча жети фактынын негизинде шектелип жатканы сыртынан кабарланган. Сот аны камоо боюнча чечимди да сыртынан кабыл алган.

26-декабрда ошол эле шектүү мамлекет, анын ичинен Интерпол аркылуу издөөгө алынган. Ал эми 2020-жылдын февраль айында Ибраевди Болгариянын бийлиги София шаарында кармаганы кабарланган.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн