Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 16:40
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Санира Маджикова: «Мекендештерибиз мигрант болбой, IT'ден өзүн тапса болот»

13.09.2021 13:10
1311
Санира Маджикова: «Мекендештерибиз мигрант болбой, IT'ден өзүн тапса болот»


NEOBIS IT компаниясынын негиздөөчүсү Санира Маджикова менен маек.


- Эмнеге IT'ни тандадың? 


- Менде чет өлкөгө кетип окуп, иштегенге көптөгөн мүмкүнчүлүктөр болгон. Ата-энем дагы “бул жакта эмне кыласың, кете бер. Окууларыңа жардам беребиз” дешти. Бирок, менде башка мамлекетке кетүү оюмда жок болчу.


Кыргызстанда калып, лидерлик позицияларды багындырып, биздин рынокту өнүктүргүм келген. IT'ге башынан эле кызыкчумун, кийин бул тармакка аралашканы туура тандоо жасаганыма ынандым. Азыр көптөгөн жаштар мигрант болуп башка мамлекеттерге кетип жатышат. Бирок, Кыргызстанда IT тармагындагыларга абдан чоң мүмкүнчүлүктөр түзүлүп калган учур. Кыргызстанда жашап эле дүйнөнүн баардык бурчунда иштөөгө болот.Менин дагы тааныш-туугандарымдын арасында балдарын таштап, Россияга үч-төрт жылга иштеп кеткендер бар. Көптөргө жумуш табуу кыйын болушу ыктымал, бирок бизде айрыкча IT тармагында жумуш көп деп айта алам. Жарандарды мигрант болуп, арзан айлыкка иштегенче, IT жаатында билим алууга чакырат элем. Түрдүү курстар, онлайн окуулар көп. Алыскы аймактарда жашап, интернет аркылуу окугандарды, Бишкекте иштегендерди билем. Кыргызстандыктар кара жумушчу болуп аз акчага иштегенче, IT'ден өзүн тапса болот.


- Силердин мектепте кимдер окуйт?


- Эң негизгиси, биздин мектепте IT'ни жакшы көргөндөр, бул тармактын келечеги бар экенин түшүнгөндөр окушат. NEOBIS IT мектебин ачканыма төрт жылдан ашты. Бул аралыкта 550дөн ашык программист билим алды. Студенттердин курагы 14-50 жашка чейин. Арасында пенсияга чыккан эжелерибиз да бар. Алар күндүз иштеп, окууга кечкисин келишет. Студенттер жалпысынан Python, Java, jаvascript программаларын үйрөнүшөт. Атамекендик жана чет өлкөлүк рынокто IT адистерине суроо-талап жогору. Тажрыйбалуу программист айына 1000 доллардан жогору киреше таба алат. Биздин мектептин негизги максаты – жарандардын IT тармагында жумуш табуусуна жардам берүү. 


Булак: "Азия Ньюс" гезити

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн