Бугу 05, 2024
Убакыт: 02:38
USD
88.70
89.60
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.975

Санкт-Петербургда 25 жаштагы кыргыз жараны башына алган жаракатынан улам каза болду

10.01.2023 15:25
224
Санкт-Петербургда 25 жаштагы кыргыз жараны башына алган жаракатынан улам каза болду

Санкт-Петербург шаарында 25 жаштагы кыргыз жараны башына алган жаракатынан улам каза болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинен билдиришти.



Маалым болгондой, 2023-жылдын 1-январында Санкт-Петербург шаарында 1998-жылы туулган Кыргыз Республикасынын А.О. аттуу жараны башынан жаракат алып, И.И.Джанелидзе атындагы Санкт-Петербург шаарындагы тез жардам илимий-изилдөө институтуна келип түшкөн.


Ал кафеде ичимдик ичип отурган достордун ортосунда чыр чыккан. Мас абалындагы жаңжалдын катышуучусу КРнын А.О. аттуу жаранын шише бөтөлкө менен башка чапкан, анын кесепетинен ал баш мээсинен жаракат алып, ушул жылдын 7-январында ооруканада каза болгон. 


Аталган факты боюнча тергөөчүлөр тарабынан Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 111-беренесинин 4-бөлүмү «Байкабастыктан адам өлүмүнө алып келген ден соолукка атайылап оор залал келтирүү» боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү кийинки тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда КРнын Россия Федерациясындагы Элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы Канцеляриясы жүк-200дү Кыргыз Республикасына жөнөтүү үчүн керектүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтүү маселесинин үстүндө иштеп жатат.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн