Чын курандын 24, 2024
Убакыт: 12:52
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.960

Сапар Исаков № 1 абакка которулду

Сапар Исаков № 1 абакка которулду


Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков Улуттук коопсуздук комитеттинин тергөө абагынан Бишкектеги №1 абакка которулду. Бул тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына Исаковдун жактоочусу Нурбек Токтакунов билдирген. 


Ага ылайык, Исаков соттун өкүмү күчүнө киргендигине байланыштуу абакка которулган. Жактоочусу аны которуу туура эмес деп эсептейт. Анткени Исаковдун азыр дагы эки иш боюнча соту болуп жаткандыгын, андыктан аны которгонго мыйзам жол бербестигин айткан.  


Ал бул аракетти Исаковго басым жасоо деп атап бийликти айыптаган. 


Азырынча бул маселе боюнча мамлекеттик органдар расмий билдирүү тарата элек.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн