Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 17:24
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Сапар Исаков: Саясий куугунтук, акыйкатсыздык уланууда

03.03.2021 15:38
808
Сапар Исаков:  Саясий куугунтук, акыйкатсыздык уланууда

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаков кечээ Бишкек ЖЭБи боюнча чыккан Жогорку Соттун өкүмүн сындады. Бул тууралуу ал Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.


"Жогорку Сот ЖЭБдин иши боюнча өкүмдү кайра карап чыгуудан баш тартты жана эски өкүмдү күчүндө калтырды. Баягыл эле саясий куугунтук, акыйкатсыздык уланууда. Мен бул окуяда кадыресе акыл –эстүулүк жана адамкерчилик баары бир жеңет деген үмүтүм болгонун жашырбайм. Анын үстүнө буга чейин ат майданы жана Тарых музейи боюнча кабыл алынган соттун чечимдери жокко чыгарылганы маалым. Бул чечимдерди да ЖЭБ боюнча чыгарылган принциптей эле эч бир далили жок, жасалма экспертизалар менен кысым астында жана коркутуп үркүтүү менен алынган күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн негизинде чыгарышкан эле",- деп билдирүү калтырган.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Таа
Сен бала алысыраак ойноп тур.Сенсиз еле быягы жетиштуу.