Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 00:39
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Сапар Исаков менен Албек Ибраимов кайда?

05.01.2021 11:57
1388
Сапар Исаков менен Албек Ибраимов кайда?


Октябрь окуяларынын шарапаты менен түрмөдөн бошонуп чыккан мурдагы премьер-министр Сапар Исаков менен Бишкектин экс-мэри Албек Ибраимов бүгүнкү күнгө чейин дайынсыз. Аларга 26-октябрда эл аралык издөө жарыяланганы менен бүгүнкү күнгө чейин эч бир маалымат чыга элек. Буга чейин 18 жылга соттолуп, 300 млн. сомго жакын айыпка жыгылган Исаковдун Франциядан башпаанек сураганы кабарланган. Ал эми 15 жылга кесилген Ибраимов боюнча азырынча маалымат жок.


Бул эки саясатчы өтө оор кылмыштарга айыпталып, алар сот тарабынан күнөөлүү деп табылган. 6-октябрга чейин С.Исаков Молдовановка айылындагы №27 абакта, А.Ибраимов Петровка айылындагы №8 түзөтүү колониясында жазасын өтөп жатышкан.  Алар 6-октябрга караган түнү сот табарынан өргүү алып, 12-октябрда анысы бүткөн. Эми укук коргоо органдары буларды тез арада кармап келип, ордуларына алып барышы керек. Эгер алар эркиндикте жүрө берсе коомдо терс пикирлер айтыла берет.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Тал
Өзүлөрү эле качырып жиберип эми билмексен болушат