Бугу 10, 2024
Убакыт: 03:05
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы УКМКны айыптады (ВИДЕО)

20.11.2020 09:57
794
Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы УКМКны айыптады (ВИДЕО)

УКМК үйүнө тинтүү жүргүзгөн Сарай айыл өкмөтү Тургунбаев Замирбек УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасады. Ал социалдык тармактагы баракчасына кайрылуу видеосун калтырган.


Маалыматка ылайык, УКМК кызматкерлери кечээ Кара-Суу районундагы Савай жана Сарай айыл өкмөттөрүнүн үйүндө жана иш бөлмөлөрүндө тинтүү жүргүзгөн эле. 

"Мен эмгек өргүүсүнө дарыгерлердин чет мамлекетте дарыланышың керек деген көрсөтмөсү менен чет өлкөдө дарыланганы келгемин. Мен келгенден кийин УКМКнын кызматкерлери мен иштеген кабинетке барып тинтүү жүргүзүшүптүр. Андан кийин менин энемдин үйүнө барып тинтүү жүргүзүптүр. 

Урматтуу, Камчыбек Кыдыршаевич, мен сизди энени сыйлаган кыргыздын мыкты уулу деп билет элем. Себеби сиз энеңизди колуңуздан түшүрбөй, энеңиз менен мактанып, энеңиздин сөздөрүн сыймыктануу менен айтып келет элеңиз. Сиз 8-мартта Баатыр энелерди топтоп сыйлап,чай берип көп жылдан бери көңүлүн алып келесиз.Мен да 5 жылда бери ушул адатыңызды жактырып энелерди өзүмдүн каражатымдан чай берип, сыйлап келем. 

Бирок кечээ күнү сиз башкарган УКМК кызматкерлери менин 68 жашка чыккан алсыз энемди маска, автоматтар менен кирип коркутуп үйүн тинтүүгө алыптыр. Ал жердеги 2-класста окуган баламды да коркутушуптур.

Камчыбек Кыдыршаевич, мен сизден күмөн санап калдым. Себеби энени сыйлаган адам энеге мындай мамиле жасабайт эле. Биздин УКМК кызматкерлери 5-октябрдагы тополоңдо кайда жүрдү? Баткенде чыр чыкканда кайда жүрдү? Сиз башкарган УКМКнын күчү бүгүн 68 жаштагы кемпир менен 2-класстагы балдарга гана жетеби?  Эгер мен кылмышкер болсом, энемде эч кандай күнөө жок. 

Эми өзүңүздүн рахматылык энебиздин тирүү кезинде сиз барып эркелеп, сырдашкан маалыңызды эстеңиз анан 68 жаштагы менин энемди автомат менен коркуткан кызматкерлериңизди эстеп туруп чечим чыгарыңыз.

Урматтуу, Камчыбек Кыдыршаевич, мен айыл өкмөт катары бюджетке түшпөй жүргөн 32 миллион сомду кайтарып бюджетти 110 миллионго көтөргөн жигитмин. Мен же жакындарым кызматта турган учурда бир мүлк алып алганын тапсаңыз мамлекетке өткөрүп алыңыз.

Мен атамдан калган энемдин үйүндө жашайм. УКМК кызматкарлери эч нерсе таба албай кетишип, мени УКТнын мүчөсү деп кайдагы курал-жаракты салып коюптур. 

Урматтуу, Камчыбек Кыдыршаевич, 2012-жылы Садыр Жапаров, Талант Мамытов жана сизди куугунтуктаганда мени да куугунтуктаган. Бирок сотто ак болуп чыкканмын.

Мен сизден бир гана нерсени суранам алсыз энелерге, балдарга тийбеңиз. Кызматкерлериңизди тыйып коюңуз.Дагы бир жолу суранам менин энемдин ордуна өзүңүздүн энеңизди коюп көрүңүз. 

Мен дарыланганы келгем,эч жакка качпайм, кайтып барам. Мен барамын кааласаңыз бышыпжеңиз, кааласаңыз атып салыңыз. Бирок энелерге тийбеңиз", - деп кайрылуу калтырган.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн