“Мына, үйүбүз бул эле жерде” деди. Баратабыз, кетип баратабыз, улам суулардан кечип өтүп... Талас дарыясы ушунча кенен экенин билбептирмин. Күүгүм талаш токой ичи керемет экен. Ак кайың, мырза теректер асман тиреп, суу жыттанып, чөп жыттанып, гүл жыттанып. Токойдун сулуулугуна суктанып, улам бир гүлдү карап калам, улам бир чөптү жыттайм эңкейип. Анда-санда алдыбыздан чоң куштар “пыр-р” этип учуп чыгышат. Акыры машине өткөн жолго чыктык. Ары жактан жалгыз үй, короо көрүндү. Акын токойдун ичинде, тоонун этегинде жашайт экен. Сыртка отурдук. Сырт мага жагып турду. Караңгы. Адамзаттын тээ баштапкы жашоосу ушул жерден башталгандай тыңшап, тиктеп бүтпөйм. Акын Аманбек ага, анын жубайы Клара, кызы Айпери төртөөбүз чарпаяда отурабыз.
“Эже, ай чыгат азыр” деди Айпери. Мен карап калдым. Эки мүнөттөн кийин сапсары, топтоголок ай тоо артынан чыга келди. Мындай ажайып сулуулукту мурда неге байкабадым экен? Мени менен учурашкандай жапжарык болуп, так маңдайымда турду. “Амансыңбы, ай?!” дедим. Кичине кыз жыргап күлүп калды. Айлана тыптынч. Күкүктөгөн дайранын доошу. Суу, гүл, чөп, асман тиреген бак-дарак, сулуулук, улуулук жыттанган айылым ай! Канча кылым, доорлордон бери ушул сулуулугуңа бөлөнүп, керилип жатасың.
Менин Арал айылымдын ар бир жараны таланттуу. Кайсы үйгө кирбе, төрдө комузу илинүү, же кыягы турат. Же Аманбек агама окшоп, үстөл үстүндө калемсабы бар. Мындай керемет айылда туулуп-өсүп, акын болбой коюунун, ырчы, сүрөтчү болбой коюунун өзү күнөө.
***
Акындын “Алтын уя”, “Тууган жер турпаты” деген китептери колумда турат. Ачканда эле “Айылдын келиндери” деген ыр көзүмө чалдыкты.
“Оо, айылдын эмгекчил келиндери,
Ойлоп коём жаныңар темирденби?” деген саптарында карандай чындык жатат.
Айылда жүргөндө эмнегедир өзүңдү сергек сезет экенсиң, таң куланөөк атканда эле ойгонуп сыртка чыгам. Ошол маалда келиндер уйларын саап бүтүп, малын бадага кошуп, тезегин калап, нан жаап аткан болот. Түтүндүн жытында береке бардай ага да сүйүнөм. Мен турганда Наргиза келинимдин жаңы тартылган каймак менен актаган чайы, ысык наны даяр.
...Күзгү алмадай албырып жамалыңар,
Күндөй ачык бүркөлбөй кабагыңар.
А кечинде айттырбай дайым даяр,
Адаттагы даамдуу тамагыңар...
***
Китепти барактап ойлонуп отурам.
“Эстегенде сезим муздап таш болуп,
Эстегенде каректерге жаш толуп,
Жүз жыл болуп калса дагы Үркүнгө,
Жүрөктөрдө келет өчпөс так болуп...” дейт акын.
Ооба, жүз жыл өтсө да кечээ жакында гана болуп өткөндөй ар бирибиздин жүрөгүбүздүн ооруганы ооруган. Куралсыз, бейкүнөө элдин качып-бозуп баратканын, көргөн азап-тозогун унутуп болбойт Кайталанбасын, ылайым!
***
Бул акындын Кыргыз эл мугалими Бектур Исаковго арнаган ырынан.
“Ардактуу адам Аралда,
Атагы кеткен далайга.
Жарым жыл мактап айтсак да,
Жарашат Бектур агайга...”
Чын эле биздин Бектур агайыбызды калың кыргыз журтчулугу тааныйт, сыйлайт. Андай сыйга агайбыз карандай эмгеги менен жетти. Эртең менен узунунан чубалган айылыбыздын жолунда баарыбыз мектепке бирге кетчүбүз. Агай ар бир окуучусунун кулк-мүнөзүн билчү экен, ошого карата мамиле жасаар эле. Бир класста 38 окуучу болсо, 38и тең ыр, аңгеме жазаар эле. Көрсө, агай баланын жандүйнөсүн көрө билген, өзү айткандай булактын көзүн ача билген көрөгөч, улуу педагог экен...
Бул болсо биринчи мугалим Чоно Турдугуловго арналган ырдан:
“Акыл менен ай-асманды аралап,
Алтынайдай өсүп чыкты далайлар.
Ар убакта жашайт биздин жүрөктө,
Дүйшөн сындуу эң биринчи агайлар...”
Чоно Турдугулов агайыбыз бизге да сабак берип калды. Мыкты мугалим, жакшы адам эле. Агайдын жубайы Мейизгүл эже бизге тарых сабагынан берчү. Эженин даанышмандыгы ченде жок экен эми ойлосом. Окуучусуна сабак берип эле тим болбостон, кийген кийимине чейин, эмне ичип, эмне жеп жатат (?) деп түйшөлүп, ошого чейин көңүл бурар эле. Акын айтмакчы, эже-агайларымды мен дагы ичим жылып эстейм. Таазим!
***
Акындын жубайы Клара беш маал намазын окуган, жөнбилги жан. Жубайлар балдарынын баарын окутуп-чокутуп, туурларына кондурган.
“Жалжал көз жарык маңдай садагасым,
Жан биргем деп айткандан жадабасмын.
Жайма-жай келатабыз эл катары,
Жашоонун кылдыратып арабасын” дейт акын жубайына ыраазы боло.
Китептерди барактап отуруп ойго чөмүлдүм. Акын деген бул чоң бир дүйнө, бир -эки маек менен ачылбайт.
“Кээ бир атактуу эле ырчылар кишинин эмгегин “өзүнүкү” кылып алышкандан уялышпайт экен.
Айланайын сары кыз,
Ата-энеге дары кыз.
Саамга сени көрбөсөк,
Сагынабыз баарыбыз” деп жазган ырымды үзүп-жулуп алышып, ырдап жүрүшөт” деп жылмайды Аманбек ага. Ооба, турмушта андайлар да болот.
***
“Тоо койнунда төрт түлүк мал жайнаган,
Токоюнда түркүн куштар сайраган.
Урпактарга бизден белек болсун деп,
Ушул жерди ата-бабам жайлаган!”
Ооба, ушул жерди элибизге кут кылсын!
Бала кезинен ыр жазган акындын журналист болсом деген тилеги ишке ашып, КМУну бүтүргөн соң бир топ жыл КТРдин жаштар редакциясында кабарчы, редактор, ага редактор болуп эмгектенди. Поэзия, журналистика менен бир катар котормо менен да алектенип, түрк, казак, украин акын-жазуучуларынын ыр-аңгемелерин кыргыз тилине которду. Учурда балдар темасына да кайрылып, акыл-насаат ырларды жазып жургөн Аманбек агага чыгармачылык ийгиликтерди каалайбыз! Агын дайрадай агылган акын жүрөгү токтобосун!
Динара Бейшеналиева, Талас району, Арал айылы
Булак: "Азия Ньюс" гезити
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн