Бугу 14, 2024
Убакыт: 08:45
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Кыргызстанда сасык тумоого каршы канча вакцина сатып алынат? Адистин жообу

14.09.2020 11:00
978
Кыргызстанда сасык тумоого каршы канча вакцина сатып алынат? Адистин жообу


Кыргызстанда 900 миңден ашык адам сасык тумоого каршы эмделет. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин директору Абдыкадыр Жороев билдирди. 


Анын айтымында, сасык тумоону алдын алуу үчүн эмдөө жүргүзүү керек.


"Учурда өлкөдө 900 миңден ашык адамды эмдөөдөн өткөрүү пландалууда. Биринчи этапта сентябрь айынын ортосунда сасык тумоого каршы 119 миң вакцина келет. Экинчи этапта 700 миңден ашык вакцинаны сатып алуу максатында тендер жарыяланып, сынактык арыздар 21-сентябрь күнү ачылат. Үчүнчү этапта сасык тумоого каршы америкалык вакцинаны киргизүү боюнча өнөктөштүк долбоордун алкагында 70 миң вакцина - анын 60 миңи 27-октябрга чейин, ал эми 10 миңи 1-ноябрга чейин келери күтүлүүдө. Андан тышкары тобокел топтогу адамдарды кошумча эмдөө үчүн 20 миң пневмококк вакцинасы сатып алынат", - деди ал. 


Ошондой эле, ал жүрөк-кан тамыр, дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары менен жабыркагандар, тез-тез ооруган балдар, 65 жаштан ашкан адамдар, кош бойлуу аялдар акысыз эмделерин кошумчалады. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн