Аяк оона 19, 2024
Убакыт: 07:19
USD
84.40
84.90
EUR
93.40
94.40
RUB
0.910
0.950

Сенден чоочун сүйүүнүн жыты келип атат...

12.06.2024 10:21
175
Сенден чоочун сүйүүнүн жыты келип атат...


Кызганычтан улам деле сүйүп калса болот.

(Станислав Ежи Лец)


Аялдар сүйбөй эле кызганган эркекти жакшы көрүшпөйт, бирок сүйгөн эркек кызганбаса жиндери келет.

(Нинон де Ланкло)


Сенден чоочун сүйүүнүн жыты келип атат...

("Күнөөлөрдүн калаасы" тасмасынан)


Сүйгөнүм күндөшүмдүн койнунда жатканына караганда, Кламар көрүстөнүндөгү мүрзөдө жатканы жакшы.

(Оноре де Бальзак)


Эгер абийириң таза болгондо кыйкырмак эмессиң.

("Амели" тасмасынан)


Мен кызганычты жек көрөм, анткени, ал ичи тардыкка окшош.

(Николай Огарев)


Кызганыч ар кандай жүйөнүн алдында сокур.

(Махатма Ганди)


Кызаныч эң бекем, эң күчтүү сүйүүгө да жарака кетирет.

(Публий Овидий Назон)


Кызганчаак кишилер өздөрү эң “аягы суюк” болушат.

(Кэрол Ботуин)


- Мен жаздыктан чач таап алдым.

- Өзүңдүн чачыңдыр...

- Калп айтпа! Мен санап чыкпадымбы. Меники бүт ордунда экен.

(Юлия Ахмедова)


Кызганчаак жигиттер кийин көңүлкош күйөөлөргө айланат.

(Майн Рид)


Албетте сүйүү бейиш багы. Бирок, кызганыч аны тозокко айлантат.

(Лопе де Вега)


Кызганыч да ооруга окшош: кечке маал күч алат.

(Поль Лотан)


Агрессиянын эң кең таралган түрү – бул кызганыч менен ичтардык.

(Уте Эрхардт)


Сүйүүнүн көп жүзү бар, кызганыч ошолордун бири.

(Клара Колдстрим)


Чындап сүйгөн жүрөктө же кызганыч сүйүүнү өлтүрөт, же сүйүү кызганычты өлтүрөт.

(Федор Достоевский)


Кызганыч өзүмчүлдүккө караганда да көбүрөөк кылмыштарга алып барат.

(Вольтер)


Кызганыч баладай баёо, жапайы айбандай жырткыч.

(Николай Некрасов)


Эгер менин кызганычым жарык чачканда бүт аалам жаркырап жатып калмак.

(Екатерина Севестянова)


Кызганчаак кишинин сүйүүсү көбүрөөк жек көрүүгө окшош.

(Жан-Батист Мольер)


Мас менен кызгаанчактын көзүнө дайыма бирдекелер көрүнө берет.

(Иннокентий Кондаков)


Кызганыч ыктытуу сыяктуу эле аргасыз нерсе, ал аң-сезимге баш ийбейт.

(Юрий Поляков)


Кызганыч аракечтиктен да жаман илдет.

(Генри Джеймс)


...А эс-тутум болсо кызганчаактардын баш кесери.

(Виктор Гюго)


Кызганыч менен ичтардык күн менен түн сыяктуу эле нерсе. Экөө бири-бирин пайда кылат.

(Олег Рой)


Кызганыч – аягында өлүмгө дуушар кылчу оору.

(Мария Дьяченко)


Кызганыч сүйүү менен кошо жаралат, бирок дайыма эле сүйүү менен кошо өлбөйт.

(Айрис Мердок)


Аялдар сүйбөгөн күйөөлөрүн деле кызгана беришет.

(Альфред Конар)


Кызганыч коркунучтуу нерсе, ал мокочолорду жаратат.

(Дарья Донцова)


Аялдардан этият болуш керек. Кызганчаак күйөө менен алар баардык нерсени жасашат.

(Ян Будьяшек)


Кызганыч – сокур эгоизмдин сапатсыз продуктусу.

(Петр Квятковский)


Кызганыч ачкөздүктүн эле бир түрү.

(Людмила Улицкая)


Кызганчаактын сүйүүсү жек көрүүгө окшош.

(Жан Мольер)


Сүйүү эмес, кызганыч сокур.

(Лоренс Даррел)


Эгер күйөөңдү кармап калгың келсе, аны бир аз, бир аз кызганганга мажбурла. Эгер күйөөңдү жоготкуң келсе, аны көбүрөөк кызганганга мажбурла.

(Генри Люис Менкен)


Мамат Сабыров 
"Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн