Учтун айы 18, 2025
Убакыт: 09:09
USD
87.30
87.80
EUR
89.90
90.90
RUB
0.845
0.880

Сенин ким экениңди билсе да душманга айланбаган киши – ошол чыныгы досуң

18.12.2023 09:10
243
Сенин ким экениңди билсе да душманга айланбаган киши – ошол чыныгы досуң


Ким өзү жакшы дос болсо, анын достору да жакшы болот.

(Никколо Макиавелли)


Сенин ким экениңди билсе да душманга айланбаган киши – ошол чыныгы досуң.

(Геннадий Малкин)


Эгер менин досторум кыйшык болсо, мен аларды каптал жагынан карайм.

(Жозеф Жубер)


Байдын үлпөттөрү, дасторкон достору, чоңдун кошоматчылары, ал эми жакшы адамдын болсо достору болот.

(Андре Моруа)


Дос издебеген киши – өзүнө өзү душман.

(Шота Руставели)


Досуңа айтпаган сырыңды кимге айтасың?

(Козьма Прутков)


“Достор башыңа кыйынчылык түшкөндө билинет” деп айтышат, менимче, алар бактылуу учурда деле билинет.

(Чыңгыз Айтматов)


Сенин кемчилигиңди жашырган доско караганда, ачык айткан душман жакшы.

(Леонардо да Винчи)


Чыныгы досуң ким экенин кээде өтө эле кеч түшүнүп каласың.

(Рихард Дюбель)


Күн тийген учурда гана дос болгон киши – дос эмес.

(Джон Грей)


Досту тандаганда өтө кылдат танда, душмандар болсо сени өздөрү тандашат.

(Роберт Асприн)


Достошконго чейин сына, достоштуңбу – ишен.

(Луций Анней Сенека)


Досту душманга айлантыш оңой, бирок душманды доско айлантуу өтө кыйын.

(Кей Кавус)


Достук бүтөр маалда ашкере сылык боло баштайт.

(Уильям Шекспир) 


Досуң “жөлөн” деп желкесин тоссо, минип албаш керек.

(Белгисиз автор)


Достук чектен чыгып кетсе, бул достук эмес эле экспансия.

(Леонид Леонидов)


Кээ бир досторумду мен душманыма да ыраа көрбөйт элем.

(Константин Кушнер)


Досторуң сен тууралуу кандай сөдөрдү айтышса да, өзүң жөнүндө жакшы пикирде бол.

(Михаил Генин)


Досу бардын байлыгы бар.

(Пакувий)


Ме сага тыйын, досторуңа телефон чал.

(Америка накылы)


Көлөкө адамдын эң жакын жолдошу, бирок күн бүркөлгөндө ал дагы жоголуп кетет.

(Чарлз Калеб Колтон)


Кыйынчылыкка чыдаган достук жыргалчылыка чыдабай калышы мүмкүн.

(Илья Шевелев)


Досторуңан сыр жашырган кооптуу, бирок такыр эле жашырбай койгон андан бетер кооптуу.

(Жан де Лафонтен)


Достук менен чай коюу, бирок өтө таттуу болбогон учурда гана жакшы.

(Ф.В.Гладков)


Досторуңдун бири сени сындаса, бири мактайт. Сындагандарга жакын болуп, мактагандардан алыс кач.

(Талмуд)


Досторуңду чаңкоо, ачкачылык, ажырашуу, сүйүү менен сынасаң болот. Бирок, бир жолудан ашырба.

(Абу Муин Насир Хосров)


Душман адатта достордун арасынан пайда болот.

(Капиев Эффенди Мансурович)


Эки адамдан: күчтүү душмандан, анан ичи ала достон сак болуш керек.

(Унсур Аль-маали (Кей Кабус)


Чыныгы дос – сен жөнүндө өзүңө караганда да жакшыраак ойлогон адам.

(В.А.Надеждин)


Аккуу күрөң казга дос эмес.

(Орус накылы)


Досторуңду сактайм десең, аларды кечире билиш керек.

(Египет накылы)


Кыйынчылык учурда сени менен бирге болбогон киши сени менен кубаныч учурунда деле бирге болбойт.

(Константин Щемелинин)


Силердей досторум турганда мага душмандын деле кереги жок.

(Лоренс Питер)


Достору бар кишинин досу жок.

(Аристотель)


Достор келет-кетет, душмандар болсо чогула берет...

(Джоунздун девизи)


Досту акчага сатып ала албайсың, бирок түзүгүрөөк душманды алса болот.

(Милликен Роберт Эндрюс)


Чыныгы дос болуш үчүн сөзсүз эле ит болуштун зарылдыгы жок.

(Леонид С.Сухоруков)


Достор менен өткөргөн күндөрдү Кудай сезбесе да боор сезет.

(Белгисиз автор)


Мамат Сабыров 
Булак: "Азия Ньюс" гезити

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн