Россия Федерациясынын Коргоо министри Сергей Шойгу Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчө болушу тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги кабарлады.
Анын айтымында, Россия батыш тарабындагы чек ара бөлүктөрүн күчтөндүрөт.
"Финляндия менен Швециянын НАТОго мүчө болушу Россиянын коопсуздугуна таасирин тийгизет. Мындан улам Россия батыш тарабындагы чек ара бөлүктөрүн күчтөндүрөт. Ошондой эле 12 кошумча аскердик база ачылат",- деди министр.
Сергей Шойгу Украинадагы операция өзүнүн нугу менен жүрүп жатканын кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн