Бугу 07, 2024
Убакыт: 20:21
USD
88.50
89.40
EUR
95.20
96.20
RUB
0.950
0.980

Сын айтылып келген Айбек Эрнис уулунун судьялыкка талапкерлиги четке кагылды

21.07.2020 13:17
952
Сын айтылып келген Айбек Эрнис уулунун судьялыкка талапкерлиги четке кагылды

 

Судьяларды тандоо боюнча кеңеши тарабынан президент Сооронбай Жээнбековдун атына Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун судьялык кызмат орундарына дайындоо үчүн 10 талапкер боюнча сунуштар келип түшкөн. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка караганда, президент судьялык кызматка 9 талапкер боюнча Кеңештин сунуштарына макулдук берген.


Мамлекет башчы 1 талапкер боюнча ар кайсы мамлекеттик органдардан суралган кошумча маалыматтарды жана пикирлерди карап чыгып, судьялык кызматка Эрнис Айбек уулу боюнча материалдарды Кеңешке кайтарган.


Жергиликтүү соттордун судьялык кызматтарына тандалган 9 талапкер: Боромбаев Абдуразак Эсентаевич, Жаныбек кызы Венера, Исаева Кундус Кедейкановна, Каипов Эмилбек Өскөнбаевич, Калыбаев Алмаз Жээнкулович, Сатарова Айнура Мелисовна, Сыдыков Марат Райымбекович, Термечиков Мирлан Арстанбекович, Уметова Айгүл Таштанбековна.

 

Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.


Белгилей кетсек, буга чейин судья Айбек Эрнис уулу соода борбордун дааратканасында 13 жашар кызды зордуктаганга шектүүнү актап койгону айтылган.


 

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн