Жапон өкмөтү дүйшөмбү күнкү жыйынында Япониянын Нара шаарында каза болгон экс-премьер-министр Синдзо Абэге өлкөнүн эң жогорку орденин өлгөндөн кийин тапшырууну чечти.
Киодо маалымат агенттигинин маалыматына ылайык, Абэ өлгөндөн кийин чынжырлуу Хризантема жогорку ордени менен сыйланат.
Белгилей кетсек, Синдзо Абэ 8-июль күнү Жапониянын Нара шаарында көчөдө сүйлөп жаткан учурунда кол салууга кабылган. Кол салган 41 жаштагы Тецуя Ямагами саясатчынын артына 10 метрдей аралыктан эки жолу ок чыгарган. Абэ Нара медициналык университетинин ооруканасына жеткирилип, беш сааттан кийин каза болгон. Саясатчы 67 жашта болчу.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн