Кулжа 02, 2024
Убакыт: 02:49
USD
87.60
88.50
EUR
94.60
95.60
RUB
0.960
0.980

Сингапурда эки жаран 120,9 гр баңгизатты аткезчилик менен өлкөгө алып киргендиги үчүн өлүм жазасына тартылды

07.07.2022 14:22
469
Сингапурда эки жаран 120,9 гр баңгизатты аткезчилик менен өлкөгө алып киргендиги үчүн өлүм жазасына тартылды


The Star гезитинин интернет версиясы боюнча бейшемби күнү Сингапурда баңгизат аткезчилиги боюнча соттолгон эки адам, алардын бири Малайзиянын жараны болгон, асылып өлтүрүлгөн.


Малайзиянын жараны Калвант Сингх менен сингапурлук Норашари бин Гаус, ошол эле баңгизат аткезчилиги боюнча соттолгондор бейшемби күнү эртең менен Сингапурда дарга асылып өлтүрүлгөнүн басылма жаза аткарылып жаткан түрмөдө отурган укук коргоочуларга шилтеме кылып билдирди.


Сингх менен бин Гаус 2013-жылы 120,9 грамм диаморфинди Сингапурга мыйзамсыз алып өткөн деген айып менен камакка алынган. Сот аларды 2016-жылы өлүм жазасына кескен, деп белгилейт гезит.


Маалыматка ылайык, өлүм жазасына аз калганда Малайзиянын жараны Сингхтин жактоочусу өлүм жазасын токтотуу боюнча өтүнүч менен кайрылган, бирок ал четке кагылган. 7-июлга караган түнү Сингапурда баңги аткезчилигинин катаал мыйзамдарына каршы чыккандар Малайзиянын борбору Куала-Лумпурдагы Сингапурдун Жогорку комиссиясына чогулуп, өлүм жазасын токтотууну талап кылып, шам жагылган түнкү пикет өткөрүштү. Демонстранттар «Сингапур, өлтүрүүнү токтоткула!» деп ураан чакырышкан.


Белгилей кетсек, 2022-жылы апрелде Сингапурда 2010-жылы 42 грамм героинди Сингапурга алып өткөнү үчүн соттолгон Малайзиянын жараны Нагентран Дхармалингам өлүм жазасына тартылган.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн