Жетинин айы 25, 2024
Убакыт: 00:26
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Сириядагы террористтик уюмга тиешеси бар 26 жаштагы жаран кармалды

20.08.2021 15:31
564
Сириядагы террористтик уюмга тиешеси бар 26 жаштагы жаран кармалды

Сириядагы террористтик уюмга тиешеси бар 26 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.


2021-жылдын 17-августунда Кыргыз Республикасынын УКМК тарабынан республиканын аймагына террористтик жана экстремисттик уюмдардын келишине жол бербөө максатында улантылып жүргүзүлүп жаткан контртеррористтик иш-чаралардын алкагында, Жалал-Абад облусунда Сириядагы эл аралык террористтик уюмдардын ишмердүүлүгүнө тиешеси бар деп изделип жаткан 1995-жылы туулган Кыргыз Республикасынын жараны "А.Ж." кармалды.


Такталгандай, кармалган адам 2015-жылы Сирияга кеткенин, анда ал «Хаят Тахрир аш-Шам» эл аралык террордук уюмунун тобу тарапта куралдуу кагылышууга катышкандыгы аныкталган. кармалган "А.Ж." чет өлкөдөн жасалма документтердин негизинде Кыргыз Республикасына кирип жана террористтик аракеттерди жайылтуу үчүн жашыруун ячейкаларды уюштуруу үчүн, ЭТУнун лидерлеринин тапшырмасы боюнча келгендиги аныкталды.


Сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында кармалган адам убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда ыкчам-тергөө иш -чаралар жүрүп жатат.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн