Аяк оона 08, 2024
Убакыт: 05:45
USD
84.10
84.60
EUR
92.80
93.80
RUB
0.920
0.960

Сириядан дагы 22 кыргыз жараны кайтарылды

19.07.2024 11:04
187
Сириядан дагы 22 кыргыз жараны кайтарылды


Кыргыз жарандарын мекенине кайтаруу боюнча "Айкөл-6" гуманитардык миссиясынын алкагында 22 кыргыз жараны өлкөгө кайтарылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.


Маалыматка ылайык, Сириянын түндүк-чыгышындагы качкындар лагерлериндеги 8 аял жана 14 жашы жете элек бала алып келинген.


"Гуманитардык миссия Кыргыз Республикасынын жарандарын мекенине репатриациялоо боюнча койгон милдеттерине ылайык ишке ашырылды. Ага АКШ өкмөтү колдоо көрсөттү", — деп айтылат маалыматта.


Эске салсак, өткөн жылы ушул сыяктуу төрт жана быйыл бир миссия аткарылган. Анын төртөөндө 373 аял жана балдар мекенине кайтарылган. Үчүнчү миссиядагы репатрианттардын саны айтылган эмес.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн