Сириянын Улуттук музейинен баалуу байыркы айкелдер уурдалды. Бул тууралуу Казинформ агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, жоголгон экспонаттардын катарында байыркы Рим мраморунан жасалган алты айкел бар.
Уурулук фактысы 10-ноябрда музей кызматкерлери эшиктердин бирин күч менен ачылган абалда тапкандан кийин аныкталган.
1919-жылы негизделген Улуттук музей — Сириянын эң байыркы жана маанилүү археологиялык коллекцияларын сактаган мекеме. Анын фондунда Угарит шаарынан табылган биздин заманга чейинки 14-кылымга таандык алфавит жазуулары, Пальмира шаарынан алынган грек-рим скульптуралары, ошондой эле биздин заманга чейинки 3-кылымда курулган Дура-Европос шаарындагы синагогага байланыштуу экспонаттар бар.
Сирияда жарандык согуш башталгандан кийин, 2012-жылы музей жабылууга мажбур болгон. Коллекциянын чоң бөлүгү жашыруун жайларга көчүрүлгөн. Музей 2018-жылы жарым-жартылай кайра ачылып, 2025-жылдын январынан тарта толук кандуу ишин жанданткан.
Учурда айкелдерди издөө иштери жана иликтөө жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн