Бугу 22, 2024
Убакыт: 07:54
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Сыймык Жапыкеев: Кыргызстанда бир эле генерал мен сыяктуу, наамды өткөрүп берсем тынч коёсуңарбы?

08.01.2022 12:21
4264
Сыймык Жапыкеев: Кыргызстанда бир эле генерал мен сыяктуу, наамды өткөрүп берсем тынч коёсуңарбы?

Кыргызстанда бир эле мен генералдай ой калат. Мындай пикирин Сыймык Жапыкеев Фейсбук баракчасына жазды.


Анын айтымында, ал генералдык наамды өткөрүп берүүгө даяр.


"Урматтуу достор, биздин өлкөдө мен эле генералдай ой калат экен. Сүйлөшкөнү эле, жамандаганы деле мен болуп калдым. Ой, кааласаңар генералды тапшырып берейинчи. Өзү чынында Кыргызстанда 170тен ашык генерал бар, арасында лейтенант болбой генерал-лейтенанттар бар, майор болбой генерал-майор болгондору бар. Эл үчүн кыймылдаганы да бар. Канча коррупцияга аралашкандары, соттолуп чыккандары толтура.

Мен стажёр, анан кичи-лейтенанттан полковнике чейин баскычтарды өткөргөм. Мени жамандап бүтпөй коюшту. Фейсбукта 15 минден ашуун тескер фейктер орун алды. 

 

Урматтуу достор, силерге койдум кааласаңар генерал наамын өткөрүп берейин. Бир эле өтүнүч, ошону менен мени тынч койгулачы сураныч. Саясатына, дегеле баарына ыраазы болдум",- деп айтылат Жапыкеевдин билдирүүсүндө.

Пикирлер (11)

Коопсуздук коду
Тургинбай Гаппаров
Сыймык сен антип назад бербеда сени эл жакшы колдойт кайра Шайлоо болгон округдарга талапкелигинди койуп жогорку кенеште озунду корсот. Чын чыныга келгенде сен чётто аркага салта атканын тушунуксуз болуп атат элдерге.
Мирлан Качкынов
Сыймык мырза, мындай сөзү ичи болгон жан дүйнөсү тар адамдар ар убакта болуп келген жана боло берет. Сиз андай микро нерселерге көңүл бурбай эле койуңуз, өзүңүз айткандай ит үрө берет, караван жүрө берет.Мен сизди ашканадан баштап эле колдоп келем, мен жалгыз болбосом керек.
Бек
Ал да колдон келейт го.
Бек...
Асылгандар асыла берсин. Сен татыктуу эле алдын. Сени колдоочулар да бар артында.....
Фархат
Ооба Сыймык туура айтасын. Татыксыз генерал наамын алгандар откоруп бергиле. Ушуну да сен башта. Сен полковникти татыктуу алгандырсын, бирок генералдык наамга татый элек болчусун.