Бугу 09, 2024
Убакыт: 09:51
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Сыймык Жапыкеев эми "Кухонный генерал" болобу?

15.03.2021 16:30
777
Сыймык Жапыкеев эми "Кухонный генерал" болобу?


Мурдагы Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматынын мурдагы төрагасы Сыймык Жапыкеев “генерал-майор” чинин алгандан бери социалдык тармактарда кызуу талкуулар жаралды.


Алардын айрымдары Жапыкеевдин бул наамга ээ болушу менен куттукташса, көбүнчөсү кайсы эмгеги үчүн берилип жатканына теригишти.


Белгилей кетсек, Жапыкеев Финполдун генерал-майор наамы 4-мартта берилгенин 12-мартта өзүнүн Фейсбуктагы баракчасынан расмий билдирип чыкты. Ал эми Каржы полициясын жоюу тууралуу өкмөттүн чечими 5-мартта жарыяланган болчу.


Ошентип кызматынан жөн кетпей, мамлекет башчысынан генералдык чинди алып, Финполдун жамаатынын салтанаттуу узатуусу менен жөнөп кеткен Сыймык Жапыкеев тууралуу социалдык тармактардын колдонуучулары ар кандай пикирлерин жазышты.


Алардын бири ички иштер органдарында көп жыл эмгектенип, советтик мерка менен лейтенанттан баштап бардык баскычтардан өтүп, 17 жылдан соң полковник болуп, андан кийин 17 жыл полковник чини менен жүрүп генерал-майор болгон Шейшенбек Байзаков, 3-4 айдын ичинде эле Жапыкеевдин бул наамга ээ болуп калышы чиндин баркын өтө төмөндүп жатканын билдирди. Көп генералдар ушундай ойдо экенин айтып, чычалады.


Карапайым жарандар арасында болсо “Кухонный генерал” деп атагандар болду. Бул наам менен Жапыкеев сатылып кетти деген оюн айтышса, кээ бири наамдын баркы жоголуп жатканын белгилешти.


Ал ортодо Сыймык Жапыкеев чинди алгандан кийин погонун таштандыга ыргытканы тууралуу расмий эмес маалымат тарап кетти. Борбор калаанын Токтогул көчөсүндөгү таштанды салуучу урнанын жанына ыргытылган Финполго таандык форманын сүрөтү байкоого болот.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн