Бугу 03, 2024
Убакыт: 20:53
USD
88.70
89.60
EUR
94.80
95.80
RUB
0.945
0.975

Сох жана Баткен районунун акимдери чек ара мамилесин талкуулады

22.09.2021 14:58
1620
Сох жана Баткен районунун акимдери чек ара мамилесин талкуулады

Боз-Адыр айылында Баткен районунун акими Учкунбек Жоробаев менен Сох районунун (Өзбекстан) акими Сайидбахром Сайидмусаев жолугуп, чек арага байланыштуу маселелерди такуулашты. Бул тууралуу район жетекчилигинен билдиришти.


Жетекчилердин жыйынына күч түзүмдөрүнүн өкүлдөрү, тиешелүү жетекчилер катышты.


"Эки тарап чек аралаш аймактарда коомдук-саясий абалды туруктуу кармоо, чыр-чатактарды жана кылмыштуулукту алдын алуу, соода-сатык, экономикалык, чарбалык, ирригациялык маселелерди талкуулашты. Мындан тышкары, эки элдин ортосунда ынтымакты бекемдөө, маданий иш-чараларды биргеликте өткөрүү боюнча пикир алышуу болду", — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле тараптар чек арада болгон айрым турмуштук чыр-чатактарды жөнгө салуу боюнча тийиштүү органдар гана иштеши керектигин макулдашып, ага жергиликтүү калкты аралаштырбоо, окуяны ырбатпоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керектигин айтышты.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн