Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 436 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.
Жерди кайтаруу иштери УКМК тарабынан мурда мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында жүргүзүлдү.
Такталгандай, 1995-жылдан бүгүнкү күнгө чейин "Рассвет" биргелешкен чарба эч кандай укук белгилөөчү документтери жок 436 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алып, пайдаланып жүрүшкөн, ал жер мурда жарандарга "Рассвет" колхозунан жер үлүшү катары берилген болчу.
Белгилей кетсек, "Рассвет" колхозунун бар болгону 3251,5 гектар жери бар экендиги, анын ичинен 2133 гектары сугат айдоо жана 1118,5 гектары кайрак айдоо жерлери болуп саналат, алар 1992-1995-жылдары "Рассвет" колхозунан үлүш катары берилүүгө тийиш болгон.
Жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгы менен 436 гектар жер үлүштөрү мамлекеттин балансына кайтарылды.
УКМК тарабынан жерлерди алдамчылык менен алектенген адамдарды аныктоо жана жоопкерчиликке тартуу боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн