Теке 28, 2025
Убакыт: 03:22
USD
87.20
87.70
EUR
101.90
102.90
RUB
1.090
1.130

Сокулук районунда жаандан улам сел жүрдү

Сокулук районунда жаандан улам сел жүрдү

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунда 14-июлда нөшөрлөгөн жаандан улам сел жүрүп, унаа жолду суу каптаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.


Маалыматка ылайык, нөшөрлөп жаан өткөн жаандан кийин кокту-колоттордон сел агып, Сокулук айылынан Төш-Булак айылына жана Кашка-Суу жайытына баруучу унаа жолдун болжол менен 2-3 чакырым аралыгын суу каптаган.


Жерине абалды билүү жана тактоо иштерин жүргүзүү үчүн КР ӨКМнин Сокулук райондук Өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн башчысы барган.


"Унаа жолу ачык, жол кыймылына тоскоолдук жараткан жок. 14-июлда Төш-Булак айыл аймагынынан 1 экскаватор тартылып, унаа жолду тазалоо иштерин жүргүздү. Тазалоо иштери 15-июлда улантылат", - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн