Чын курандын 12, 2025
Убакыт: 13:38:59
USD
87.30
87.80
EUR
99.00
100.00
RUB
1.030
1.070

Сокулукта абакта отурган жаран өзүн шейшеп менен асууга аракет кылган

22.04.2021 15:16
813
Сокулукта абакта отурган жаран өзүн шейшеп менен асууга аракет кылган

Чүйдүн Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган адамды кызматкерлер аман алып калышты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Маалыматка ылайык, Сокулук РИИБинин убактылуу кармоочу жайында оор кылмышка шектелип кармалган жаран өз өмүрүн кыюуга аркет кылган. Убактылуу кармоочу жайдын нөөмөттөгү кызматкери аны байкап калган.


"Окуя 21-апрелден 22-апрелге караган түнү болжол менен саат 00:40 чамаларында болгон. Анда кармалган 46 жаштагы М.А. аттуу шектүү шейшеп менен эшиктин темирине өзүн-өзү асууга аракет кылган. Нөөмөттө турган кызматкер окуяны байкап калып, өз өмүрүн кыюунун алдын алууга үлгүргөн. Убагында агачкы медициналык жардам көрсөтүлүп шектүү аман калган. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан окуянын себептерин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн