Чын курандын 23, 2024
Убакыт: 23:37
USD
88.90
89.70
EUR
94.60
95.60
RUB
0.945
0.960

Сокулукта аңчылыкка чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери уланууда

Сокулукта аңчылыкка чыккан боюнча дайынсыз болуп жаткан жаранды издөө иштери уланууда

Тоодо аңчылык кылып жүрүп, дайынсыз болгон жаранды издөө иши  улантылат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.


Маалыматка ылайык, 27-ноябрда Чүйдүн Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылынан “Кичи-Тоо” тоосуна 1961-жылы туулган Алекандр Браун жана 1972-жылы туулганДмитрий Забунов аттуу 2 эркек киши аңчылыкка чыгышкан. Ошол эле күнү Александр Браун үйүнө кайтып келген. Ал эми Дмитрий Забунов текенин артынан кеткен бойдон азыркы учурга чейин дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуу маалымат 112 кызматына келип түшкөн. Бүгүн издөө иштерин жүргүзүүгө саат 10:20да Сокулук райондук №23 ӨКБдан 5 куткаруучу, райондук ички иштер бөлүмүнөн 4 кызматкер жана туугандарынан 7 адам тартылып, караңгы киргенге чейин издөө иштери жүргүзүлгөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн