Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 21:02
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сокулукта аңчылыкка кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө

29.11.2022 11:20
332
Сокулукта аңчылыкка кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткан жаран изделүүдө

Сокулукта куткаруучулар аңчылыкка кеткен бойдон кайтпай жаткан жаранды издеп жатат. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, 27-ноябрь күнү Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Төш-Булак айылындагы “Кичи-Тоо” тоосуна 1961-жылы туулган А. Б. жана 1972-жылы туулган З. Д. аттуу 2 эркек киши аңчылыкка чыгышкан.


Ошол эле күнү А.Б. аттуу жаран күндүзгү саат 14:00дө кайра айылды көздөй кайтып келген.


Ал эми З.Д. аттуу жаран тоодо текенин артынан кеткен бойдон дайыны жок болуп жаткандыгы тууралуумаалымат "112" кызматына түшкөн.


Бүгүн аталган 45 жаштагы З.Д. аттуу жаранды издөөгө ӨКМдин Сокулук райондук №23 ӨКББдан 5 куткаруучусу тартылды.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн