Тогуздун айы 06, 2024
Убакыт: 22:14
USD
84.60
85.10
EUR
92.70
93.70
RUB
0.880
0.925

Сокулукта апасы сатып жиберген балдардын тагдыры кандай болорун Эмгек министрлиги айтып берди

27.09.2023 15:01
284
Сокулукта апасы сатып жиберген балдардын тагдыры кандай болорун Эмгек министрлиги айтып берди


Балдар сатылып жиберилген адамдар табылганын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.


Эмгек министрлиги билдиргендей, жубайлардын төрт баласы бар экени белгилүү болду.


«Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат. Балдарды сатып алган адамдар табылды. Ар бир бала үчүн өзүнчө иш-чаралар өткөрүлөт. Социалдык коргоо органдары балдарды мындан ары колдоо боюнча чараларды көрөт жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мыйзамдуу өкүлдү аныктайт», — деп айтылат Эмгек министрлигинин билдирүүсүндө.


Белгилей кетсек, милицияга Сокулук айылынын тургуну кайрылып, ал 22 жаштагы мурдагы аялы ага балдарын көрсөтпөй жатканын айткан. Кийин аял балдарды сатып жибергени белгилүү болгон.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн