Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 23:23
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Сокулукта азык-түлүктүн баасын көтөргөн соода орундары жабылды

17.03.2020 09:37
744
Сокулукта азык-түлүктүн баасын көтөргөн соода орундары жабылды


Сокулук районунда базар жана соода түйүндөрдө азык-түлүктөрдүн баасы текшерилди. Бул тууралуу жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кабарлашты.


Маалыматка ылайык, бааларды көзөмөлдөгө жергиликтүү бийлик өкүлдөрү менен тийиштүү түзүмдөрдүн адамдары соода түйүндөрүн кыдырышкан. Текшерүү учурунда ундун баасын кымбаттаткан адамдардын соода орундарын жабылган.


Соодагерлер көтөрүп жиберген баалар кайра өз калыбына түшүрүлгөн. 


Эске салсак, Кыргызстанда калк көп колдонгон 14 товардын баасына өкмөт убактылуу чектөө киргизген. Тиешелүү токтомго өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кол койгон. Чектөө дүйнөдө тарап жаткан коронавирустан улам айрым ишкерлер, соодагерлердин бааны көтөрүп жибербеши үчүн коюлганы айтылган.


Баасына чектөө киргизилген товарлардын тизмеси:


Буудай уну;

нан;

сүт;

өсүмдүк майы;

жууган май (сливочный — ред.)

уй, кой, чочко, тоок эттери;

кумшекер;

күрүч;

макарон;

тооктун жумурткасы;

картошка.

Мындан сырткары, жаратылыш газы, АИ-80, АИ-92 үлгүсүндөгү күйүүчү майлары, дизель жана көмүрдүн баасына да чектөө кирген.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн