Чын курандын 29, 2024
Убакыт: 12:55
USD
88.80
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Сокулукта үч өспүрүм көлмөнүн үстүндө тоңгон музда ойноп жатып, сууга түшүп кетишкен

Сокулукта үч өспүрүм көлмөнүн үстүндө тоңгон музда ойноп жатып, сууга түшүп кетишкен


Сокулукта үч мектеп окуучусу сууга чөгүп кеткен. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя күн мурун, 26-январда Сокулук районунун Сокулук айылында орун алган.

8 жаштагы П.Н., К.Б., Х.А. аттуу балдар аталган айылдын Октябрь көчөсүндөгү көлмөнүн үстүндө тоңгон музда ойноп жатып, сууга түшүп кетишкен.

Суудан 2 баланын сөөгү милиция кызматкерлери тарабынан чыгарылып, ал эми 1 баланын сөөгү ӨКМдин куткаруучулары тарабынан табылган.

"Балдардын сөөгүн кароодо зордук-зомбулук белгилери жана жаракаттар табылган эмес. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалып, иликтөө иштери жүрүп жатат», - деп айтылат маалыматта.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн