Бугу 22, 2024
Убакыт: 04:46
USD
88.00
88.90
EUR
95.50
96.50
RUB
0.965
0.990

Сокулукта жер тилкелерди алдап саткан жаран кармалды

10.09.2021 13:25
1037
Сокулукта жер тилкелерди алдап саткан жаран кармалды

Чүй облусунун милиция кызматкерлери алдамчылыкка шектүү адамды кармашты. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.


Билдирүүгө ылайык, буга чейин Сокулук РИИБине Бишкек шаарынын 54 жаштагы М.К. аттуу тургуну арыз менен кайрылган. Анда чала таанышы 2015-жылдан 2017-жылга чейин алдоо жолу менен ишенимине кирип, күрөө катары Военно-Антоновкадагы жер тилкемин берем деп алдап, андан акча жана унаа алып ошол бойдон из жашырган адамга чара көрүүнү суранган.


Муну менен жабырлануучуга ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген. Бул факты "алдамчылык" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Тергөө жана ыкчам иш-чараларды жүргүзүүдө жогоруда аталган кылмышка шектүү катары 50 жаштагы К.А. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.


Учурда Сокулук РИИБи бул адамдын Сокулук районунун жана Чүй облусунун аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар же жогун текшерүүдө. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери уланууда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн