Бүгүн, 10-майга карата СOVID-19 инфекциясынын жаңы 71 учурунун 55и Соль-Илецк шаарынан келгендерден табылды, деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев онлайн брифингде.
Анын айтымында, Россиянын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарынан келген 542 жарандын бардыгы
обсервацияга алынган. Алардан СOVID-19 инфекциясына карата анализ алынып, 55 адамдан вирус тастыкталды. Бул жарандар
дарылоого алынды.
“Соль-Илецк шаарынан Бишкекке келгиче автоунаалар менен 4 күн жол жүрүшкөн. Алар тыгыз байланышта жабык пространстводо келгендиктен вирусу бар бир-эки кишиден башкаларга жугуу мүмкүнчүлүгү жогорулап кеткен. Бул вирустун жугуу потенциалы өтө жогору экени дагы бир ирет тастыкталып отурат”, - деди Н.Усөнбаев.
Белгилей кетсек, алар 7-май күнү 70 автоунаа менен келишкени айтылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн