Чын курандын 05, 2025
Убакыт: 13:16
USD
86.60
87.10
EUR
94.90
95.90
RUB
1.010
1.050

Сомдун графикалык белгиси Microsoft Windows‘ко киргизилди

02.03.2024 10:28
811
Сомдун графикалык белгиси Microsoft Windows‘ко киргизилди


Улуттук банк Кыргызстандын улуттук валютасынын графикалык символу – сом белгиси Unicode (Стандартташтыруу боюнча эл аралык уюм) стандартына киргизди.

Улуттук банкттан билдиришкендей, сомдун графикалык белгиси Microsoft Windows 11 версиясынан баштап (анын ичинде Microsoft Office жана операциялык системанын курамына киргизилген бардык Microsoft стандарттык продукттары, же Microsoft Windows 11 операциялык системасында кошумча орнотулган камсыздоо программалары) Microsoft Windows операциялык системасына жана андан ары кийинки чыгарылыштагы бардык камсыздоо программаларына киргизилген.

Сом белгисинин графикалык символун экранга чыгаруу үчүн тил панелинин параметрлеринен кыргыз тилин тандап, клавиатурадагы «оң Alt+9» айкалышын колдонуу керек.

* Кыргыз Республикасынын расмий акча бирдигинин графикалык символунун сүрөтү – сом белгиси.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн