Соданын аралашмасы коронавирус менен күрөшүүгө жардам береби? Мындай суроону түз эфирдеги онлайн консультация учурунда Бишкек шаарынын тургуну Саламаттыкты сактоо министрлигинин штаттан тышкаркы башкы пульмонологу Талант Сооронбаевге узатты.
Дарыгер Талант Сооронбаев түз эфирде коронавирус жана пневмонияны дарылоонун жолдору жана алгачкы белгилерине байланыштуу болгон суроолорго жооп берди.
"Мен адис катары соданын аралашмасы вирусту кетирүүгө жардам бербейт деп айта алам. Муну табыптардын деңгээлиндеги медицина десем болот. Уйдө болгон баардык суюктукту тактап айтканда лимон, бал, кыям кошулган суюктуктарды колдонсо болот. Ал эми соданын өзүнүн башка нерселерге пайдалана турчу эрежеси бар", - деди ал.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн